Жаш кезинде эмнелерди гана кыялданбайсын... Мен да балалык кыялдарыман копко арыла албай, акыры турмуштун агымына карай бурулдум. Окуучулук кезимде сабакты гана ойлоп, тен-туштарым менен сайрандабай, туз жол менен барып, туз жол менен кайтчумун. 11-классты аяктап, акыркы конгуроо кагылганда каректен жаш айланып, айрылууга аргасыздан баш ийдик. Кечээ гана мотурайган балапандар, бироосунун колу сыя болсо, кээ бироо сабакта уктап, урушуп кайра жарашып, он бир жыл бирге журуп, мына эми ар кимибиздин жолубуз ар тарапты коздой баратат. Бири турмуш босогосун аттап, бири оз арабасын суйроп чет олкого иштегени баратса, дагы бири оз кесибин ээлегени чон окуу жайына баратты. Мен да ошолордун катарын толуктап, Облусттук Жогорку окуу жайга тапшырдым. Кубанычым койнума батпай, студенттик кундорумду коз алдыма элестеттим да толкундана туштум. Мен куткон кун келип, студенттик кез башталды. Оболу кыйналдым... Ботон эл, чоочун Шаар, жаны курбулар... Бара-бара коно баштадым. Квартирада 4 кыз жашачубуз. Алина, Айпери, Жылдыз, мен. Тортообуз торт тараптан келип, минтип бир нанды торт болуп жеп калабыз деп эч кимибиз ойлобогонбуз. Торт кыз тен активдуу болуп чыга келдик. Майрамдар бизсиз отчу эмес. Ошентип студенттик кундор ото баштады. Очередь менен эки жумада бир уйдон продукта алып келмей эле. Айпери уйуно кеткен бойдон дайыны жок. Наныбыз да тугонуп ачка калдык. Общежитияда турган группалаш кыздардан нан сурасак, алардын да наны жок экен. Квартирага келип суудан ичип жатып алдык. Эртеси Айперини айылдашы алып качып кеткенин билдик. Продуктадан умут уздук. Жылдыз апасына звонок кылып майда чуйдо дайындады. Таксист дароо эле жеткирип берди. Бышкан эт, НАН, куруч берип жибериптир. Курсагыбыз ачканынан этти шаша буша деп салдык. Бир убак ашказаным ооруп, Жылдыз кусуп жатты. Скорый чакырдык. Учообузду отравления болупсунар деп Инфекционныйга таштады. Ал жерде жаш врач жигит жылуу мамиле менен тосуп алып, анамнез топтоп жатты. Биз болсо суйлогону алыбыз жок, аябай кыйналып жаттык. Бизге жардам корсоткондон кийин, дары уколдорун алып, уктап калыппыз. Анарбаева деген врачтын унунон улам ойгонуп кеттим. Бар жогуму бироо жанчыгандай эзилип ооруп калыптыр. Врач менин атым Сагын Азизович. Сизди дарылоочу врачынызмын:
-Абалыныз жакшыбы?
-Бардык жерим ооруп турат...
-Себеби сиз интоксикацияга дуушар болдунуз. Ошол себептен баардык органдар жабыркашан...дагы кооп создорду айтып жатты. Врачтын ар бир созду берилип, жан куйдуро тушундуруп жатканына термелип, эриндерин тиктеп, терен ойго баттым. Эмнегедир коздору адамды озуно тартат болду экен. Оз оюма чогуп бараттым. Врач качан гана Уметалива сиз кандайсыз?-деп Жылдызга кайрылганда озумо келдим. Эки уч кун отуп, учообуз тен озубузго келип, бири-бирибиз менен тамашалашып, кулуп калдык. Врач текшерууго Кирби
-Саламатсынарбы? Кантип калдыныздар?
-Ушинтип калдык?!-десем.
-Бул кандай жооп?
-Бул реальный жооп.-десем, ИИ дагы эт жегинер келип калган го деп, какшык аралаш кулуп койду.
Кундо Сагын Азизовичтин палатага кирип, беседа отушун кутчу болдум. Эмнегедир врач келе жатат десе эле муундарым калтырап, журогум согушу тездеп, суйлор созуму таппай калам. Кызык, мындай сезимге биринчи жолу дуушар болуп отурам... Ошентип он кун да отуп кетти. Врач кирип: Эми туруп калган тамак, пакетте дымдалып туруп калган этти жебегиле. Болбосо дагы келесинер же келбей каласынар.- деп коштошуп чыгып кетти. Ооруканадан да чыктык. Калтырылган лекцияларды толуктап, отработка кылдык. Сагын Азизович оюман кетпей, айткан ар бир жылуу созун мир мертебе кайталап эстей бердим. Ошол бойдон Сагынды корбодум. Кундор отуп экинчи курс болдук. Ата-энебизге оордугубузду тийгизбейин деп парадан кийин кафеде официантка болуп иштеп жаттык. Ошондой кундордун биринде кафеге Сагын достору мн кирип келди. Баягы сезимдер козголуп, колдорум калтырайт. Бетим кызарып ичкери админдин болмосуно кирип кеттим. Чогуу иштеген баладан бизди Мээрим тейлесин дептир. Мээрим сени чакырышты десе, ким? неге? деп ан-тан залга чыксам, чон кыз бизди карап коюзчу дейт, бассам бутум тушалгандай аран тейледим. Анан ИИ кандай анан...реальныйбы?-деп кулуп жиберди. Эт жебей койгом деп бурула басып кеттим. Бир саатча олтуруп, чыгып кетишти. Маанайым бузулду. Кундо эшиктен кирген адамды карайм... Сагын кирип келээр бекен деп кутом. Ошол бойдон корбодум, кафеге да келбеди...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев