Мына, колумдагы акча ошол келинди кайрадан эстетти. Ушул акчага оз колум менен атымы жазбадым беле. Кайра оз колума кайрылып келет деп эч ойлогон эмес элем. Арадан 2 жыл отуптур. Ал келинди жолуктурганым кечээкидей эсимде. Аты да жагымдуу эле Аида. Ошол келиндей болсун деп кызымын атын да Аида койдум. Ал келинди биринчи да, акыркы да жолу ошол санаториядан кордум. Мен анда бойдок жигитмин. Жашыман акчага зарыкпай, каалаган нерсеми алып конгонмун. Келинин да, кызын да, эри барын да, бойдогун да кордум, жыргал жашоо эле.
Апам даарыланып Жалалабаттагы санаторияда жатканын угуп, борбордон дароо эле жетип келдим. Апамы коргону барсам шериктери мн тамактанып олтуруптур, алардын ичинен козумо татынакай кыз гана жалт корунду. Биринчи куну тааныша албай арманда кеттим. Эртеси апам келбей эле кой дегенине да карабай бардым. Баягы сулуу бакта сейилдеп журуптур. Апамы сурамыш болуп жанына бардым. Чон кыз сиз апам мн бирге белениз, кечее кордум эле, апам азыр кайда дедим. Ал назик ун мн, сылык жооп берди. Алар ашканада болчу деп. Атын сурасам Аида деп, мен Марс деп тааныша кеттик Турмушка чыкканына 4 жыл болгонун, 2 кызы бар экенин айтып, маанайымы тушурду. Ушунчалык эркек энсей турган жан экен, келбети бойдоктой корунот. Жолдошу жонундо анча деле ооз ачпады,бирок жашайт экен. Тел ном сурасам бербей койду, мен эрлуу аялмын менден алыс жур деп. Ичимен эри бары эмне болуптур, ыймандуу болуп оронгону да койнумда жаткан деп ичимен керсейип алдым. Эртеси дагы барып, олтургучта чачы шамалга желбиреп, ойлуу олтурган Аиданы колунан суйроп, машинеге олтургузуп эшиктерин бекитип койдум. Коркпо Аида мен сага тийбейм, бирок жанымда олтурчу дедим. Ал жиндене менин никем бар кое бер мени. Сен апаны башка эркек мн корсон кандай абалда болосун, менин да ошол абалда калчу балдарым бар деди. Куйоон деле жургондур эркекчилик кылып десем, Журсо жургондур, бирок баардык нерсе айланып, кайра оз колуна келет деди да, менден акчан барбы?-деди. Баардык нерсенин атасы акча да деп кубурондум. Бар, канча керек десем боло берет дегенинен мин сом берсем, ушул акчага атыны жаз дегенинен Марс 86 деп жазып койдум. Акчан катарында иштете бер, кокус бир кун озуно кайтып келсе мени эстеп коерсун. Эми мени оз эркиме кой, мен башканын мулкумун деди. Эшикти ачып койдум, тушуп кетти. Азыркы заманда дагы акчага сатылбаган ыймандуу адам бар экенине ишенип кете бердим. Ыйманды кийимден эмес журоктон издеш керек экен. Кийин атым жазылган мин сомду Жалалабаттан продукта алганда иштеткем. Эми минтип эки жыл откон сон Бишкектен оз колума кайтып олтурат...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев