Жаны эле окууну бутоорум менен байкемдер Казакстанга алып кетишти. Соода тармагында иштеп, убакыттын отконун да байкабапмын, иш менен алек болуп журуп. Ал арада 3-4 жолу Мекениме келип кеттим. Бир куну апам телефон чалып "Балам отузга жакындап калдын, Кыргызстанга келип, уйлон. Биздин козубуздун барында тынып, тынчып ал"-деп калды. Жумушту байкемдерге таштап, дароо эле Мекениме жонодум. Жашым 28ге келип калса да, суйгонум да, жургонум да жок эле. Алар жаш кезде калып кеткен болчу. Апам ар кызды айтат, конул жок. Бир куну иштер менен досумун уйуно бардым. Дарбазасын такылдатсам, арык-чырай, чачтары кара, коздору карагаттай бир кыз чыкты. Досумун карындашы жок эле, бул кыз ким болду экен деп, сен кимиси болосун деп сурай албадым. Айбек досум барбы?-дедим кызга. Ал жок эле деп тим болду. Анда Марат деген досунар келди деп койчу э-деп кете бердим. Уйго жеткиче жаш кыз эсимден кетпеди. Аяшым дейин десем, анын жашы улуу,анан толо коргом бирде келгенимде. Бир куну достор чогулуп калдык. Айбек да келди. Анан Айбекке кечээ куну барсам жок экенсин,бир кыз чыкты чакырсам, карындашынбы дедим..эмне деп сурашты билбей. Досум ооба, байкемин кызы, окуу жайга жакын деп биздикинде, аяшына да жардам берет деди. Ошол кыз эсимен кетпейт, ал жонундо досуман сураганы ынгайсыз болду. Аяшыман сурасамбы деп эртеси барсам аяшым торкунуно кетиптир, карындашы окуусунда экен. Досум менен копко суйлошуп отурсам да, эч карындашы жонундо сурай албадым. Бир жумадан кийин балдар менен стадиондо журсом, баягы кыз досумун балдарын эрчитип, сейилдеп журуптур. Жанына барып кандайсын десем, жакшы рахмат, озунуз деп, кичи пейил учурашты да, биз уйго баралы деп кетти. Оюман эч кетпейт, тааныша да албадым, менден 8 жаш кичуу болсо да андан сурдодум. Досумун байкесин жакшы таанычумун. Ал кезде кыздары жаш эле, эми минтип суйуп олтурам деп, ойлонуп коруп, ата-энемди жонотмок болдум. Чочулап турдум, мен жакпай калсамчы, чал экен дебес бекен деп. Апамдар барышты, менин суротуму корсотушуптур кызга, жагыпмын. Тойду белгилеп келишти. Тойго чейин жолугушуп, таанышсын дешиптир. Макул болгонуна кубанычым ичиме батпай, озумдон озум кулку кыстап, аны элестетип жылмайып, парктын четинде отурсам, бир кыз сиз Марат байкесизби деп калды, кулкум кайдадыр учуп кетип, анын ордуна коздорум бакырая ооба, эмне болду десем. Мен Айзадамын. Айбек досунуздун карындашы. Уйдогулорду жиберген экенсиз го деди. Мен ишенип ишенбей, туш коруп жаткандай болдум. Айзада мен коргон кыз эмес эле. Айзада да шайыр, татынакай кыз экен, бирок мен жактырып жургон кыз эмес болчу. Эмне кылышымды билбейм, той белгиленген. Арга жок ичимди ит тырмаса да, ичимен сыздап, сыртыман кулуп журо бердим. Мага кызыгы мен суйгон кыз кайда? Ал ким эле?-деген ойлор куну-туну эсимден кетпей журду. Той кун да келди. Достор баары кулушуп, мына бойдок атаны да уйлоп атабыз деп шылдындаша, сайрандап жатышты. Кеч Ресторанга достор аяштарды алып келди. Аяштарымын арасын да менин жактырганым олтурат. Баарына жооп табылып, ойгоно туштум. Ал Айбектин жубайы экен. Жаш корунгон учун мен аны карындашы деп ойлоп алыпмын. Анан баарына кол шилтеп, болгон конулумду Айзадага караттым. Мен анын козунон мага болгон суйууну кором, а мен аны сыйлайм. Келинчегимин жоолугун таптакыр чечтирбейм. Бироо жарым суйуп калбасын деп корком.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев