Эл арасынан “жин кирип кетип акылынан айнып калыптыр, молдого окутуш керек” деген сөздөрдү угуп калсаңыз керек. Мына ошол жин, анын эмне себептен кирери, кантип чыгаруу керектиги жана андан кантип сактануу керектиги тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Жин – бул оттон жаралып, жаныбардын, адамдын образына кире алган, атайын туруктуу формасы жок көзгө көрүнбөгөн кайып. Жиндер адамдарга өз алдынча зыян кылбайт, байкабастык менен ага тийишип алганда өч алыш үчүн адамдардын ичине кирип алышат.
Жин кирген адамдагы белгилер
1. Кулагына азан айтылганда же куран окулганда жин кирген адам титирейт, кыйкырат, ыйлайт, жыгылат, же асманды, жан жагын карайт. Ошондой эле ичи ысып, жүрөгү сыгылып, куранды уккусу келбей сыртка чыккысы келе берет, же дем салганда тез-тезден эстеп баштайт.
2. Күнүмдүк жашоосунда капаланып, кайгыра берет, жалгыздыкты жактырып, кыздар турмушка чыккысы келбей, эркектер үйлөнгүсү келбей баштайт. Айрымдарында жашоо кызыксыз болуп эч нерсеге көңүлү жок жата берет.
3. Себепсиз эле башы ооруп, эс тутуму начарлап куран аяттарын жаттай албайт. Жөндөн-жөн эле муундары титирейт, муну жанындагылар эле байкабаса, өзү билбейт.
ЖИНДЕРДИН ДАРАЖАЛАРЫ.
Жиндер аткарган жумушуна жараша даражаларга бөлүнөт:
Биринчиси - “Жинний”. Эң кичинекей мартаба, мындай абалда жин адамга эч бир зыян келтире албайт. Бирок адам эстегенде оозун колу менен жаппаса, жин ал адамга киргиси келип айланасында учуп жүрө берет.
Экинчиси - “Аамир”. Бул даражадагы жин адамдардын үйүндө жашап, алар менен кошо тамактанат. Эгер ким үйүнө “Бисмиллах” деп оң буту менен кирбесе, жин кошо кирип алардын тынч жашоосун бузуп, арам иштерди жасатат.
Үчүнчүсү - “Аруах”. Бул мартабадагы жин ымыркай балдардан баштап өспүрүмдөргө чейин зыян келтирет. Жаман түштөрдү көргөзүп, чочутат. Катуу чочуганда жүрөгүнө кирип алып туура жолдон адаштырат. Мисалы, бала туура эмес иш жасап ата-энеси урушса “Аруах” даражасындагы жин ага: “Уксус ичип албайсыңбы, муунуп албайсыңбы же машинага урунуп албайсыңбы? Сен аларга керегиң жок”, - деп аны жамандыкка үндөйт. Эгер бул даражадагы жиндин иши ишке аша турган болсо, ага Иблис (жин-шайтандардын башчысы) жогорку даражаны ыйгарат.
Төртүнчүсү - “Шайтан”. Бойго жеткен балдардан баштап кары-картаңдарга чейин зыян келтирет. Шайтан - туура жолдон азгыруучу зат. Анын негизги максаты - адамдардын денесинде, кан тамырында жүрүп жаман жолго түшүрүү жана туура жолдо жүргөн адамдарды жек көргөзүү.
Бешинчиси - “Маарид” даражасындагы жиндер көзү ачыктар, бакшылар менен иштешет. Периштелердин келечек тууралуу сүйлөшкөндөрүн тыңшап, көзү ачыкка калпты кошуп жеткирет. Анан көзү ачыктардын айткандары чындыктай сезиле берет.
Алтынчысы - “Ифрит” мартабасындагы жин сыйкырчылар менен шериктеш. Аларга ысытмай, суутмай, сооданы токтотуучу, адамды оорутуучу же аны өлтүрө турган жана башка сыйкырларды үйрөтөт.
ЖИН КАНДАЙ УЧУРДА КИРЕТ?
1. Адам катуу сүйүнгөндө, катуу корккондо.
2. Тамактанар алдында “Бисмиллах” деген сөз айтылбаса, тамак менен кошо ичке кирип кетиши ыктымал.
3. Жиндер чуңкур, аң, күл төккөн жерлерде жашагандыктан ошол жерлерге заара ушаткан адамга кирип кетиши мүмкүн. Анткени жин адамга ачууланып өч алыш үчүн кирип алат.
4. Эгер ысык сууну “Бисмиллах” дебей төксө, ошол жерде жин болсо чочуп кетип адамга кирип кетиши ыктымал.
5. Ажаткана – жин-шайтандар көп байырлаган жай. Ал жакка баш кийимсиз киргенде баштагы уюктан, ал эми ажатканада отуруп сүйлөгөндө ооздон кирип кетиши мүмкүн. Ажатканага сол бут менен кирип, Аллахтын ысмы жана Куран жазылган эч нерсе алып кирбөө зарыл.
6. Ал эми мончодо жылаңач денеге ашык болуп кирип алат.
7. Базарлар - жин-шайтандар байрагын орноткон жай. Анткени ал жакта алдамчылык, арам иштер көп жасалат. Андыктан базарга биринчи болуп кирбөөгө жана акыркы болуп чыкпоого аракет кылуу керек.
8. Эч ким жашабаган үйдө жана ээн талааларда түнөгөндө кириши ыктымал.
9. Мазар, бейиттерде да кирип кетүү коркунучу бар.
ЖИН КИРИП КЕТПӨӨ ҮЧҮН ОКУЛА ТУРГАН ДУБАЛАР.
Жаман түш көргөндө айтылуучу дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим ва мин шарри хаазихир ру-йаа” (мааниси: Алла Тааланын жардамы менен каргышка калган шайтандан жана бул түштүн жамандыгынан сактанам).
Үйгө кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии ас-алука хойрол мавлажи ва хойрол махрожи бисмиллаахи валажнаа бисмиллаахи хорожнаа ва ъалаллоохи роббинаа таваккалнаа” (мааниси: Эй Алла, мен Сенден үйгө аман-эсен кирип-чыгууну сураймын. Биз Алланын аты менен үйгө киребиз, Алланын аты менен үйдөн чыгабыз. Биз Аллага гана тобокел кылабыз).
Үйдөн чыгарда айтылуучу дуба: "Бисмиллаахи таваккалту ъалал-лоохи лаа хавла ва лаа куввата илла биллаахи” (мааниси: Мен Алланын аты менен үйдөн чыктым жана Ага гана тобокел кылдым. Күнөөлөрүмдү кечирүүчү жана жакшылыкка күч-кубат берүүчү Аллах, туура багыттадың, камкордук кылдың жана зыяндуу нерселерден сакта).
Ачуу келгендеги дуба: "Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожиим” (мааниси: Аллахтын каарына калып, ташбараң кылынып айдалган шайтандан Аллах сактасын).
Мончого кирердеги дуба: “Аллах Таала, мен Сени менен жиндердин эркектери жана ургаачыларынан сактанам".
Ажатканага кирерде айтылуучу дуба: "Аллоохумма иннии аъуузу бика минал хубуси вал хобааиси" (мааниси: Эй Алла, мен Сенин гана жардамың менен зыяндуу жиндерден сактанам).
Ажатканадан чыгардагы дуба: "Гуфроонака Алхамдуу лиллаахиллазии азхаба ъаннил азаа ва ъаафаании" (мааниси: Менден зыянды кетирген жана мага саламаттыкты берген Алла үчүн бардык мактоолор болсун).
Арсен Ибрахим Байзаков, теолог: “Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет”
- Адамдардагы жинди айдоого сизге эмне түрткү болду?
– Жин чыгарууну Египетте окуп жүрүп үйрөнгөм. 2008-жылдан бери адамдарга дем салып дарылап жүрөм. Жин оорусу менен ооругандарга жардам берүү үчүн ушул ишти тандадым.
– “Аялдарга эркек жиндер ашык болуп киришет” деген туурабы?
– Жиндин 60-70 пайызы аялдарга кирет. Ашыктык менен кирген жин кадимкидей зордуктайт, тагыраагы, түшүндө алар менен жыныстык катнашта болот. Мындан эки жыл мурун жолдошу менен ажырашкан аял келип: “Түшүмдө күйөөм менен болгондой болом, бирок анын жыты жолдошумдун жытына окшобойт. Аны түрткөнүмө карабай зордуктайт. Ойгонорум менен азыр эле жыныстык катнашта болгондой болуп чарчап калам”, - деп айтып ыйлап калды. Дем салсак ага сегиз ай мурун жин кирген болуп чыкты. Дем салуу учурунда жин ошол үйдө мурун сойку кыздар жашап жүрүшкөнүн жана күн сайын алар менен болгонун айтып берди. Кийин ошол аял көчүп келиптир. “Аны биринчи көргөндө эле жакшы көрүп калдым, бирок ал дайыма эле бир эркектин сүрөтүн карай берет. Анан мен ошол эркекке окшошуп келбетин кийип алгам”, - деп жин айтып берген.
– Жин менен кантип сүйлөшөсүз?
– Жинди биз куран окуу менен чыгарабыз. Куран окуп баштаганда жин ошол адамдын тили менен ага кантип жана качан киргенин айтып берет.
– “Мусулман жин кирип намаз окуп калыптыр” деп айтып калышат го. Мусулман жин да болобу?
– Жок, мусулман жин эч убакта адамдын ичине кирбейт. Капыр жиндер адамдын ичинен чыкпоонун аракетин кылып аны намаз окутуп, бирок өз иштерин кыла берет.
– Жин чыгарып жатканда алар сизди коркуткан учурлар болду беле?
– Ооба, болгон. Бир жолу: “Эгер сен менден коркпосоң, жүр, ээн талаада олтуруп сүйлөшөбүз. Ошончолук кыйын болсоң, кел, дааратканага кир. Мен сага жүзүмдү көргөзөйүн”, - деген. Жинди адамдан чыгарып жатканда ал коркутуп айта берет. Бирок чыккан соң эч нерсе кыла албайт,— дейт теолог.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев