Көп адамдар үчүн Нооруз жаздын бир ажырагыс бөлүгү жана күн менен түндүн теңелишинин майрамы болуп калган. Кээ бир адамдар, илимсиздигинен бул майрамды Исламга таандык деп ойлошот. Бирок, бул майрам Исламга эч кандай тиешеси жок, тескерисинче, ал исмламий дин тутумуна толук карама-каршы келет.
Нооруз – отко сыйынган салттары бар зороастрия дининин майрамы экендигин жана ал кийин мусулман түрк жана перс элдерин салтына аралашып кеткенин көптөрү биле бербейт. Бул тизмеден кыргыз эли да сыртта калган эмес.
Ислам дининин Нооруз майрамына көз карашы кандай?
Ислам аалымдарынын жоопторуна көнүл буралы:
Мухаммад Аляуд-дин аль-Хасакафи аль-Ханафи, Аллах аны ырайымына алсын, «Ад-дурруль-мухтар шарх танвируль-абсар» китебинде мындай деп жазат: «Нооруз жана Михржон (күндүн күзгү теңелүүсү) күндөрүнө арнап белек берүү болбойт!». «Эгерде максат мушриктер көкөлөткөндөй көкөлөтүү болс, белек берген адам каапыр болот».
Абу Хафс аль-Кабир, Аллах аны ырайымына алсын айтты: «Эгерде адам Аллахка элүү жыл ибадат кылып, Нооруз күнүндө ал күндүн урматына деп, ошону менен ал күндү көкөлөтүп мушрикке бир жумуртка белекке берсе, ал адам каапыр болуп, ага чейинки амалдары урап түшөт. Ал эми мусулман адамга ал күндү көкөлөтпөй адат болуп калгандыктан берсе каапыр болбойт. Бирок күмөндөн алыс болуш үчүн муну Ноорузга чейин же кийин кылуу керек. Керек болсо ушул күндү урматтагысы келип, мурда сатып албай жүргөн нерсени сатып алса анда каапыр болот, эгерде жөн гана тамактангысы же суусун кандыргысы келип сатып алса каапыр болбойт».
Абу Хафс аль-Кабир, Аллах аны ырайымына алсын айтты: «Эгерде адам Аллахка элүү жыл ибадат кылып, Нооруз күнүндө ал күндүн урматына деп, ошону менен ал күндү көкөлөтүп мушрикке бир жумуртка белекке берсе, ал адам каапыр болуп, ага чейинки амалдары урап түшөт».
«Ас-сагируль-джами’» китебинин автору айтты: «Ал эми мусулман адамга ал күндү көкөлөтпөй адат болуп калгандыктан берсе каапыр болбойт. Бирок муну мушриктерге окшобош үчүн Нооруз күнү кылбай, ага чейин же кийин кылуу керек. Анткени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «Ким башкаларды туураса ал ошолордон болот» (абу Давуд).
Шейх Усман аз-Зайляги аль-Ханафи, Аллах аны ырайымына алсын, Табйинуль-хакаик шарх канзуд-дакаик» китебинде айтты: «Нооруз жана Михржон майрамдарына карата белек берүү – харам, ал гана эмес куфр!»
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев