Өлкөбүздүн Дин Башкармалыгы кече жана бүгүн
Мамлекетибиздеги мусулмандардын 1-Курултайы 1991-жылы өтүп, Кимсанбай ажы Абдурахманов Азирети Муфтийлик кызматына шайланган. Андан кийинки Курултай 1996-жылы 26-декабрда өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстан мусулмандарынын Азрети муфтийи болуп Молдо Абдусаттар Мажитов шайланган. Молдо Абдусаттар аксакал өтө билимдүү аалым, кичи пейил, көп шакирттерди тарбиялаган жөнөкөй киши болгон. 2000-жылдын 8-апрелиндеги Уламалар Кеңешинин жыйынында өз арызынын негизинде сый-урмат менен ардактуу эс алууга чыгарылган. Анын ордуна Кимсанбай ажы Абдурахманов Азрети Муфтий болуп шайланып, кызматта 2 жыл 4 ай иштеген. 2002-жылы 10-август күнү Уламалар Кеңешинин жыйынында Мураталы ажы Жуманов Азрети Муфтий кызматына шайланган. Азрети Муфтийдин кызматында 2012-жылга дейре иштеген. 2010-2012-жж. Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи болуп иштеди. Muftiyat.kg https://www.instagram.com/musulman_kundolugu
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев