Аль-Бухарини ишеничтүү хадистерди гана камтыган «Сахихти» түзүүгө алып келген негизги себеп - анын замандаштары тарабынан түзүлгөн жыйнактарга ишеничтүү хадистер менен бирге начар, башкача айтканда, ишеничтүүлүгү шектүү хадистердин да киргендиги. Бул жагдай Шейх Исхак бин Рахавайхинин ишеничтүү хадистерди гана топтоону каалагандыгын жана өз шакирттерине: «Силер Алланын элчиси алейхиссаламдын хадистеринин кыскача жыйнагын түзгөнүңөрдө эң сонун болмок» - деп ошого үндөгөнүн унутпаган аль-Бухариге жаккан эмес. Ал сөздөр имам аль-Бухаринин жүрөгүнөн түнөк таап, ошондон кийин ал өз «Сахихине» материал топтой баштаган.
Андан тышкары, аль-Бухаринин гүшүнө өзү Алланын элчиси алей- хиссаламдын алдында туруп, колундагы желпигич менен аны коргоп жатканы кирет, муну ал Алланын элчиси алейхиссаламга жалганды жолотпоого буйрук катары жоруйт. Бул түш анын чечкиндүүлүгүн бекемдеди. Мына ушул айтылып өткөн себептер бул улуу имамдын эмгекте- ринин эң мыктысынын жаралышына түрткү берүү менен аль-Бухаринин ээлеген жогорку ордун тастыктап, Ислам динине үлкөн эмгек сиңирди. Бул иштин жүрүшүндө имам апь-Бухари алты жүз миңге жакын хадисти текшерип чыкты, натыйжада анын эмгеги Кудуреттүү жана Улуу Алланын Китебинен кийинки эң мыкты китеп болуп калды, бул аны жазылып бүткөн күндөн эле кабыл алган жана ошол күндөн ушул кезге чейин жогору баалап келген мусулман коомунун мүчөлөрүнүн бирдиктүү пикирине толук дал келет. Имам аль-Бухари өз китебинин үстүндө он алты жыл эмгектенген.
Бул китеп жөнүндө акын мындай деген:
Аль-Бухари «Сахихине» эгер калыс карасак,
Аны алтын сыя менен жазуу гана жарашат.
Адашууну бөлүп салып туура таалим берүүдөн,
Жаш уланды сактайт ал бөөдө зыян көрүүдөн.
Иснаддары жылдыз сымал, асмандагы нур чачкан,
Баштап келет матндарды, кометадай жаркыган.
Тикеленди бул китептин хадистери аркылуу,
Таразасы дининин пайгамбардын кайрадан.
Ага карап жашайт азыр араб эмес элдер да,
Шексиз сактап бизди оттон, ак-караны тааныткан.
Ал - көпүрө, баарыбызды пайгамбарга улаган,
Так көрсөтмө, күмөн менен шек саноодон куткарган.
Эй билерман, сен ээлеген бийик орун жөнүндө
Уламалар арасында кайчы пикир калбаган!
Жыйнап ушул хадистерди, имамдардан озду деп,
Максатыңа жеткениңе күбөлөр бар сандаган.
Четке кагып равийлердин жалганчысын, алсызын,
Салып койдуң иретке сен хадистердин баарысын.
Жана аларды бөлүп чыктың таптак кылып баптарга,
Таң калтырып адамзаттын бүгкүл жашы-карысын.
Берсин Пириң тилегиңди, аябастан мол кылып,
Атаа этсин сага баарын, убадасын аткарып!
📚САХИХ АЛЬ БУХАРИЙ. Китебинен.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев