ИМАМ АЛЬ-БУХАРИНИН ӨМҮР БАЯНЫ
(810-870 / 194-256-жж.)
Аль-Бухаринин ысмы жана нисбалары[1]
Имамдын толук аты-жөнү - Мухаммад бин Исма’ил бин Ибрахим бин аль-Мугийра аль-Бухари аль-Жу’фи; ал эми куниясы[2] - Абу 'Абдуллах.
Төрөлүшү жана балалык чагы
Имам аль-Бухари хижраттан кийинки 194-жылдын шаввал айынын он биринде жума күнү Бухарада дүйнөгө келген. Ал атасынан эрте ажырап, наристе кезинде көзү көрбөй калган, бирок көп өтпөй анын апасынын түшүнө пайгамбар Ибрахим алейхиссалам кирип, ага: «Эй баланча, сенин көптөгөн жалбарууларың менен Алла уулуңдун көзүн ачып койду» - дейт.
Алла ага тырмактайынан эле хадистерди эске тутуу жөндөмүн атаа эткен. Абу Жафар Мухаммад бин Абу Хатим аль-Варрак айткан: «Бир жолу мен Абу Абдуллах аль-Бухариден: «Сен хадистерди кантип үйрөнүп баштадың?» деп сурадым. Ал буга мындай.деп жооп берди: «Хадистерди жаттоо керектиги жөнүндөгү ой мага жаңыдан окуп баштаганымда эле келген, анда мен ондо же андан да кичирээк жашта элем. Кийин мен мектепти бүтүрүп бирде тигил, бирде бул окутуучулардан таалим ала баштадым. Он алтыга киргенимде мен Ибн аль-Мубарак менен Ваки’анын китептерин жатка билчүмүн. Андан соң апам, бир тууганым болуп Меккеге жол алдым, аерде жашоодогу максатым - хадистерди топтоо эле. Он сегизге чыкканымда сахабалар менен табиундар жөнүндөгү маалыматтарды, ошондой эле алардын айткандарын топтоп, иретке сала баштадым».
Аль-Бухари өзүн толугу менен илимге жана ибадат кылууга арнаган. Ал көп айтчу: «Мен өмүрүмдө эч качан эч кимден бир дирхемдик да нерсе сатып алган жокмун жана эч кимге бир дирхемдик нерсе да сатпадым». Бир жолу андан нанды кандайча сатып алып жүргөнү жөнүндө сурашканда ал: «Мен ал ишти бирөөлөргө тапшырчумун, нанды мага алар сатып алып беришчү», - деп жооп берген.
Аль-Бухари (Алла аны мээримине бөлөсүн) өтө уят-сыйытуулугу, эр жүрөктүүлүгү, мартгыгы, такыбаалыгы, бул жалган дүйнөгө көнүл кош- тугу жана Акырет дүйнөсүнө умтулуусу менен айырмаланган. Бир жолу ал мындай деген: «Акыйкат, Алла тааланын алдына барганымда эч ким мени бирөөлөрдү жамандоодо айыптабасын каалайм».
Аль-Бухариге өз нарк-аброюн сезе билүү жана сыймыктуулук мүнөздүү. Бир жолу балдарын ага окуткусу келген бир өкүмдар аны чакыртып чабарман жибергенде аль-Бухари билим издегендер аалымдарга өздөрү келүүгө тийиш экендигин айтып, ага баруудан баш тарткан.
Ал көп убактысын, айрыкча куттуу рамазан айында күндүзү намаз жана орозо, ал эми түнкүсүн ңамаз жана Куран окуу менен өткөргөн. Абу Бакир аль-Багдадинин айтуусунда Масих бин Саид мындай деген: «Рамазандын биринчи түнү башталаары менен Мухаммад бин Исмаил аль-Бухаринин үйүндө анын жолдош-жоролору чогулаар эле жана алар менен ап ар ракааты жыйырма аятган турган намазды Куранды голугу менен аяхъша чыкканга чейин окуй турган».
Андан тышкары, Аль-Бухари ар күнү ооз ачаар маалына чейин Куранды толук окуп чыкчу жана: «Куранды окуп бүткөндөн кийинки намаз жоопсуз калбайт» - дечү.
Бир жолу намаз окуп жатканда аны он жети жолу аары чаккан. Намазын окуп бүтүп ал: «Намаз убагында мени эмне кыжаалат кылды экен, карап койгулачы», - дегенде адамдар карашса, анын денесинде аары чаккан он жети из калыптыр, бирок ошого карабастан ал намазын токтоткон эмес экен.
1 Нисба - адамдын уруусун, тегин, туулган шаарын же аймагын билдирүүчү кошумча ат.
2 Куния - атасына же баласына карап адамга коюлуучу кошумча ат. Мисалы, Абу Абдуллах (Абдулланын атасы) же Ибн Мухаммад (Мухаммаддын уулу).
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев