сахабаларына Алланын жакшылыктары жана саламы болсун.
Владимир Абдулла Нирша
____________________
1 «Сүннөт» - адат, өрнөк. Сүннөт пайгамбар алейхиссаламдын кылган иштери /фи’ль/ , айткан сөздөрү /каул/, башка адамдардын иштерин же сөздөрүн баалашы /такрир/ , ошондой эле анын жеке сапаттары жөнүндөгү маалыматтардан турат.
2 «Ва-н-нажм», 3.
3 «Ахзаб», 21.
4 «Ниса», 80.
5 «Момун» сөзү кыргыз тилине араб тилинен келген, анын түпкү мааниси - Ислам динине чын дилден берилген, Алланы жана Анын элчисин сүйүп, Аларга моюн сун- ган жана башка мусулмандардан өзүнүн чексиз такыбаалыгы менен айырмаланган адам. Совет бийлигинин тушунда бул сөз өз маанисинен ажыратылып, сын атоочко айландырылган жана «жоош» деген сөздүн синоними катары гана колдонулуп калган.
6 Хадис - пайгамбар Мухаммад алейхиссаламдын айткан сөздөрү же кылган иштери жөнүндөгү өзүнчө бир кабар. Бүткүл кабарлар жыйындысы сүннөттү тузөт.
7 Ар бир хадис эки бөлүктөн - бири-бирине тигил же бул кабарды айтып берген адам- дарды айтып өтүүдөн жана «матндан» - кабардын өзүнөн же хадистин маалымат берүүчү бөлүгүнөн турат.
8 Мухаддис - хадистерди топтоону жана сындоону кесип кылган адам.
9 «Сахих» термини равийлери (рабаят кылуучулары, башкача айтканда, баяндоочула- ры) биринчисинен акыркысына дейре калыстыгы жана тактыгы менен айырмаланган үзгүлтүксүз иснады бар хадистерди атоо үчүн колдонулат, ошондуктан мындай хадистердин иснадында эч кандай кемчиликтер болбойт. Ал эми «хасан» терминине Ибн Хажар аль-’Аскалани мындай аныктама берет: «Иснады үзгүлтүксүз жана бардык рабаятчылары абийирдүүлүтү менен айырмаланган хадис жакшы хадис болуп саналат. Мындай хадис тактыгы жагынан бир аз гана кемчилиги болбосо, анын айтуучулары аны акыйкаттан эч кандай четтебестен кынтыксыз беришкен». Жакшы хадистер шарият далилдери катары сахих хадистерчелик күчкө ээ болбосо да аларды далил катары келтирүүго болот. «Да’иф» термини болсо жакшы хадис болуу үчүн зарыл болгон талаптардын бирөөнө эле жооп бере албай калган хадистерди атоо үчүн колдонулат. Начар хадистер диндин орчундуу далилдерине катышы болбогон жана шариятгын адал менен арамга байланышкан мыйзамдарын түшүндүрүүдө колдонулбоого тийиш. Аларды насаат айтып жатканда бир нерсеге үндөө же коркутуу максатында келтирүүгө гана болот.
«Сахихтин» айрым баптарынын аталышы жок. Андан тышкары, баптардын аталыштары ал баптарда камтылган хадистердин мазмунуна туура келбей калган учурлар да аз эмес. Муну мындайча түшүндүрүүгө болот: бул жыйнакка аль-Бухари келтирген хаднстердин аз-Зубайди тарабынан кыскартыпгандары кирбей калгандыкган ушундай дал келишпөөлөр орун алган.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев