Абу Умама (р.а) Пайгамбарыбыздан
(саллаллооху ъалайхи ва саллам) ривят
кылат:"Базарда жеш уятсыздык". (Мажмауз
заваид 5/27)
Базардын ичинде уйу же дукону болсо анда уйундо же дуконундо жесе ага уруксат бар. БУТ КИЙИМДИ ЧЕЧИП ЖЕШ СУННОТ
Анас бин Малик (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Качан силерден бироонор
тамакка жакын келсе, анын бутунда кийими
болсо, аны чечсин". (Мажмауз заваид 5/27) БУТ КИЙИМДИ ЧЕЧИП ЖЕШКЕ ОКУМ
Жаабир (р.а) Пайгамбарыбыздан (саллаллооху
ъалайхи ва саллам) риваят кылат:"Качан
(тамак) жесен, бут кийимди чеч".
Анас бин Малик (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Качан тамак келсе, бут
кийимдеринди чеч. Бул сенин бутунаырахат
жеткирет". (Дарими, Канз 19/172)
Суннот жолу боюнча бут кийим кийген абалда
тамак жебей, аны чечуу керек. Бут кийимди
кийип жеш суннотко каршы, бул учурда бут да кыйналат. ОТО ЫСЫК ТАМАК ЖЕШТЕН ТОСУУ
Сухайб (р.а) риваят кылат:"Пайгамбарыбыз
(саллаллооху ъалайхи ва саллам) ысык тамак
жегенден тосту, ал ичкенге же жегенге
ылайыктуу болгонго чейин. (Канзул уммал
19/188) Жувайрия (р.а) айтат:"Пайгамбарыбыз
(саллаллооху ъалайхи ва саллам) тамактын
буусу тараганга чейин, аны ысык жешти
жактырчу эмес. Б.а ысык абалда жешти
жактырчу эмес". (Жамъул фаваид, Мажмаъа
5/22) ЫСЫК ТАМАКТЫ ЖЕШ - ОТ
Эгер ысык тамактан буу чыгып жатса, колдун,
ооздун ичинин, кекиртектин куйуп калышына,
же зыянга учурашына коркунуч болсо, аны
жештен тосот. Мындай тамакта таттуулук да
болбойт. Анткени оозу куйгон себептен адам тез жутканды каалайт. (натыйжада,
кекиртектин рак ооруусу болуусу мумкун).
Асма бинти Абу Бакр (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Тамакты муздатып койгула!
Андан (муздатып койгондон) береке кобойот". (Канзул уммал 19/170) ЫСЫК ТАМАКТА БЕРЕКЕ БОЛБОЙТ
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Тамакты муздатып койгула,
ысык тамакта береке болбойт". (Мажмаъ 5/23) ЫСЫК ТАМАК КЕЛСЕ МУЗДАГЫЧА КУТУУ КЕРЕК
Асманын (р.а) алдына качан (ысык) нан
кошулган тамак алып келингенде, анын устун
жаап коюуга буйрат эле. Анын буусу чыгып
буткучо жабылып тура берчу. Асма (р.а)
айтты:"Мен Пайгамбарыбыздын (саллаллооху ъалайхи ва саллам) мындай деп айтып
жатканын уктум:"Бул (муздатып жеш) ото чон
берекеге себеп". ОРТОЧО ЫСЫК ТАМАКТЫ ЖЕШ СУННОТКО КАРШЫ
ЭМЕС
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат:"
Пайгамбарыбызга (саллаллооху ъалайхи ва
саллам) бир куну ысык тамак алып келинди.
Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам) аны жеди да, Аллахка шугур айтып,
мындай деди:"Качан кундон бери курсакка
ысык тамак жеткен эмес эле". (Ибни Маажа
2/417)
Орточо ысык тамакты жешке тыюу салынган
жок. Кээ бир тамактарды ысык абалда жесе таттуу болот. М:Плов,ушуга окшош ысык
тамактарды орточо ысыктыкта жеш суннотко
каршы эмес. ТАМАКТЫ ЖЫТТООДОН ТОСУУ
Умму Салама (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Тамакты жыттабагыла!
Анткени,жырткыч жаныбарлар гана жыттайт".
(Канзул уммал 19/189) Тамакты жыттап баалоо бул жаныбарлардын
адаты. Албетте тамактын бузулуп
калгандыгына коркунуч бар болсо, аны
жытынан билсе болот. Алсак, гулдорду жыттап
билууго тыюу салынган эмес.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев