Анас (р.а) айтат:"Мен Пайгамбарыбыз
(саллалооху ъалайхи ва саллам) аттын устундо
ээрсиз жана мойнунда кылыч илинген абалда
тосуп алдым".
Анас бин Малик (р.а) айтат:"Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) Абу Толханын
атын минип турганга алды. Ал аттын аты
Мандуб эле. Пайгамбарыбыз (саллалооху
ъалайхи ва саллам) ага минди".(Бухарий 401)
Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва
саллам) коптогон аттарга минген. Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва
саллам) бир нече аттары бар эле.
Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва
саллам) аларды жакшылап багып, карайт эле. АТТА БЕРЕКЕ БАР
Урва (р.а) айтат, Пайгамбарыбыз (саллалооху
ъалайхи ва саллам) айтты:"Кыяматка чейин
аттын пешенесине жакшылык байланган".(Ибн
Маажа, Бухарий 399)
Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Аттын
пешенесинде береке бар".(Бухарий 399) АТ БАГУУНУН СООБУ
Абу Хурайрадан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз
(саллалооху ъалайхи ва саллам) айтты:"Ким
Аллахка ыйман келтирип, Анын убадасын
тастыктап, Аллах учун ат бакса, анын жеген
жеми жана суусу, анын тезеги жана сийдиги Кыямат куну таразага тартылат. Б.а анын
салмагына жараша сооп берилет".(Бухарий
400) АТ БАГУУНУН УЧ СУРОТУ БАР
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат,
Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва
саллам) айтты:"Адамдын уч турлуу аттары
болот:
1 Соопко себепчи 2 Таза болууга себепчи болот
3 Куноо менен эсеп-кысапка себепчи болот". 1) Соопко себепчи болгон ат, Аллахтын жолуна
чыгуу учун багат. Ага узун жип байлап, чоптуу
жерге, же бир бакчага аркандап коёт. Анын
жиби канчалык узун болсо, ошончо сооп алат.
Эгер анын жиби узулуп, ал бир бийик дончого
чыгып, тезек жана башканы таштаса, анын да сообу берилет. Ошондой эле дарыядан отуп,
озу суу ичсе жана анын ээси суу ичиргенге
ниети болбосо да сооп берилет. Ушундай
аттарды багууда соопко ээ болот. 2) Адам башкалардан сураганда сактаныш учун
багат. Анын акысын эстен чыгарбайт (б.а
зекетин берип турат) бул анын тазалыгына
себепчи болот 3) Ушундай бир адам, ал бир гана эл корсун
жана мактануу учун багат. Ошондой эле
мусулмандарга душман болуш учун да багат.
Зекет бергенге жетсе, малдан зекет
бербейт,мындай ат ээсине куноонун жугу
болот. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (САЛЛАЛООХУ ЪАЛАЙХИ
ВА САЛЛАМ) АТТАРЫ ЖОНУНДО
Сахл озунун чон атасынан риваят
кылат:"Пайгамбарыбыздын (саллалооху
ъалайхи ва саллам) бир аты Лахиф деп айтат
эле. Ал биздин багуубузда болчу".(Бухарий 408) Сахл бин Хасма айтат:"Эн биринчи
Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва
саллам) ээ болгон аты, аны Фузара деген
уруудагы бир кишиден Пайгамбарыбыз
(саллалооху ъалайхи ва саллам) он уукияга
(олчомдун аты) сатып алган ат - Зарс эле. Андан кийин Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи ва
саллам) Ухуд казатына ошол ат менен келген.
Ошол учурда мусулмандарга ошол аттан башка
эч бир ат болгон эмес".(Ибн Саъд 1/489,
Сиратуш шами 7/396)
Ибн Аббас (р.а) айтат:"Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва саллам) бир аты бар
болчу, анын аты Муртажис эле".(Ибн Саъд
1/490)
Сахл бин Хусама айтаат:"Бул атты бедуинден
сатып алганда, Хузайма бин Сабит кубо болгон
болчу".(Ибн Саъд 1/490) Сахл (р.а) озунун чон атасынан риваят
кылат:"Тамим Дари Пайгамбарыбызга
(саллалооху ъалайхи ва саллам) бир атты
белек кылып берген болчу. Анын аты Алвирд
эле. Аны, Пайгамбарыбыз (саллалооху ъалайхи
ва саллам) Умарга (р.а) берди".(Ибн Саъд 1/490) Ибн Мунда айтат:"Сахл озунун чон атасынан
риваят кылат:"Анын алдында
Пайгамбарыбыздын (саллалооху ъалайхи ва
саллам) уч аты бар эле, ал анын жемин, чобун
берип, козомолдоп турчу".(Сиратуш шами
7/398) Ибн Кайм (р.х) "Задул миъад" деген китепте
жазган:"Пайгамбарыбыздын (саллалооху
ъалайхи ва саллам) жети аты бар болгондугуна
бардык аалымдар бир келишимде. Алардын
аттары:Ассакаб, Муртажис, Лахиф, Мизаз, Зарс,
Сажжа, Алвирд, Калгандардын аттары жонундо аалымдардын ар кандай ой-пикирлери бар".
(Задул миъад 1/134)
Булак:Мухаммад(саллалооху ъалайхи ва
саллам)дын сунноттору
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев