1. Кайсы сөздөр грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албайт?
а. чакчылдар, атоочтуктар
б. тууранды сөздөр
в. жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр
г. каратма сөздөр, киринди сөздөр, сырдык сөздөр
2. Үнсүз “т” тыбышынын мүнөздөмөсүн тапкыла
а. жумшак, орточул, жарылма
б. каткалаң, уччул, жарылма, түгөйлүү
в.үнсүз, уяң, уччул, кең
г. түгөйсүз, артчыл, кең, ачык
3. Таандык мүчөлөр кайсылар?
а. –мын, -сың,-биз, -сыңар, -сыздар
б. –ныкы, -ым,-ың,-ыңыз,-ы,-ыбыз,-ыңар
в. –нын,-га,-ыш,-лар
г. –сыз,-ыш,-т,-чыз
4. Этишке кандай грамматикалык категориялар мүнөздүү?
а. таандык, сан, жак
б. даража, жөндөмө, ыңгай
в. жак, таандык, көптүк
г. мамиле, ыңгай, чак, жак
5. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм деген эмне?
а. татаал сүйлөмгө карама-каршы айтылса
б. оң маанидеги сүйлөмгө карама-каршы айтылса
в. баш сүйлөмдө айтылган ойго каршы айтылган сүйлөм
г. баш сүйлөмдүн структурасына каршы айтылган сүйлөм
6. “Менин ырларымды эл канчалык сүйсө, мен элге ошончолук кызмат кылам”. Мааниси боюнча кандай татаал сүйлөм?
а. салыштырма
б. сан-өлчөм
в. сын-сыпат
г. шарттуу
7. Кептин канча түрү бар?
а. 5 б. 3 в. 4 г.6
8. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы кеңири ойду билдирип турган бөлүгү эмне деп аталат?
а. ээ в. багынычсыз сүйлөм
б. баш сүйлөм г. багыныңкы сүйлөм
9. Карышкырга атын союп берген бала жөнүндөгү жомокту белгилегиле?
а. “Акылдуу дыйкан” в. “Күйө турган таш”
б. “Алтын куш” г. “Акыл Карачач”
10. К.Эсенкожоевдин чыгармасын аныктагыла?
а. “Эки бөжөк” в. “Үчүнчү шар”
б. “Сарала козу” г. “Эки бүркүт”
11. 1911-жылы Казань шаарында чыккан биринчи кыргыз китебинин автору ким, китеп кандайча аталат?
а. М.Нияз “Санаттар” в. М.Кылыч “Зилзала”
б. Т.Молдо “Кемчонтой” г. Токтогул “Дүнүйө”
12. А.Осмоновдун жаратылыш темасына арналган ыры
а. “Музыка” в. “Неге кечигет”
б. Кыргыз тоолору г. “Бүкөн”
13. “... Эсимди кудай алыптыр,
Колумдун чени ошондо,
Энемде унут калыптыр...”
Кайсы чыгармадан, автору ким?
а. “Кемчонтой” Т.Молдо в. “Санаттар” М.Нияз
б. “Керме тоо” М.Кылыч г. “Мырзайым” Б.Алыкулов
14. “Мына ушундай күндөрдүн биринде чоң кашарга көчмө кинонун машинасы келип калса болобу”. Ч.Айтматовдун кайсы чыгармасынан?
а. “Бетме бет” в. “Ак кеме”
б. “Асма көпүрө” г. “Атадан калган туяк”
15. Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун.
Бул ыр саптары А.Осмоновдун кайсы чыгармасына таандык?
а. “Майдын түнү” в. “Жеңишбек”
б. “Махабат” г. “Толкундар”
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 129
2б
3б
4а
5в
6г
7а
8г
9б
10а
11в
12в
9 б
10 в
11 в
12 б
14 г
15 г