Ким койсода жаман койгон атымды,
Ушакчыдан не кылам деп сурасам,
Беш тыйынга мак сат дейт данкынды.
Сатам алсын кайдан билсин баркымды,
Чайга кошуп жутаар кезде кара конулун
Куйкалоочу мен Кыргыздын акыны,
Каарду куну берсе керек бактымды,
Аяз куну койсо керек атымды,
Ичи арамдан не кылам деп сурасам,
Бир тыйынга мага сат дейт данкынды,
Сатам алсын кайдан билсин баркымды,
Кантка кошуп жутаар кезде кара тилин
Куйкалоочу мен Кыргыздын акыны.
Таш идишке куйса керек бактымды, Катуу идишке куйса керек атымды, Кароолчудан не кылам деп сурасам,
Балам алсын бекер бер дейт данкынды,
Берем алсын сатпайм кадыр баркымды,
Уйчу, койчу,койчу,
кетмечинин менмин кымбат акыны,
Баалай келсе тен келе албайт бул ааламдын алтыны.
Автор: Алыкул Осмонов
Жазган: Жамила Таабалдыева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев