Илгери бир кичинекей колмодо бакалар
мекендешчу экен. Эртеден кечке сайрап,
кичинекей балчыкта ары-бери журуп тажаган
бакалардын бироосу колмодогу башкалардын
баарын чакырып бир куну жыйын курат.
-Урматтуу бакалар! Биз канчалаган жылдар
ушул кичинекей колмодо жашай беребизби?
Тээтиги тоону кордунорбу, ошонун нары
жагында суусу, абасы таза, колому да чон кол
бар экен. Жургуло ошол жакка кочуп кетели,
мына мен эртен жолго чыгам-деп, жар салып
жолго камына баштайт. Аны уккан башкалар
да уу-дуу болуп, бири-биринен чала-була кеп
угуп, элден эмнебиз кем деп удургуша баягы
баканын артынан жоноп калышат. Жол бою
талпылдап секирген бакалар бара-бара же
сууга жетпей, же тамакка жетпей алдан кучтон
тайып, араларын ар кандай канкуу создор
аралай баштайт. Бириси:
-Биз бир кайдагы кенкелес баканын созуно
кирип, суусу жок чолдо кырылып олмой
болдук-десе, дагы бироосу тили оозуна
батпай:
-Ал жакты эч ким коргон эмес, кайдагы
жомокко ишенип баратабыз. Андан коро
жаман да болсо оз колмобузго барып эле
тиргилигибизди кылалы-деген ондуу кептерди
айтып артты коздой жоной башташат. Бир
гана баягы бака эч ким менен суйлошпой
сапарын улай берет. Анын артындагылар оз
ара кобурашып, тиги баканын артка
кайтпасына коздору жетип, озулору алдан
кучтон тайып, алсыраганда артты коздой жол
тартышат.
Аз журдубу, коп журдубу акыры олдум-
талдым дегенде тоону ашып, ар кимден уккан
кыялындагы колуно жетет. Артын караса
озунон башка эч ким жок. Ошентип,чымын-ч
иркейи мол, жашоого ынгайлуу жаны колмодо
жыргап-куунап жашап калган экен. Анткени ал
бака дулой болчу… (Орус тилинен эркин
которулду.)
Мен бул икаяны оз сабагымда коп колдоном.
Коп учурда кээ бир балдар жалкоолонуп ар
кандай шылтоо издеп: «Биздин колубуздан
келбейт, ал ишти жасоо кыйын» деген учурда.
Себеби, ар бир адам алдыга максат коюп,
кадам шилтээр менен ар кандай
тоскоолдуктарга дуушар болот. Коп учурда
тегерегиндегилер: «бул сенин колундан
келбейт, аны кантип жасамак элен, жасай
албасан уят болосун, акыбалына жараша иш
кылсанчы»-деген ондуу ж.б. маанайды
чоктуро турган создорду айтуу менен сени
алсыратат. Мына ушундай учурда тигил бака
ондуу ар кандай канкууларга конул болбой,
туз максатты коздой умтулуунар абзел дейм.
Эгер икаядагы баканын кулагы уккан
болгондо, ал дагы башкалар ондуу алсырап,
артка кайтуусу толук мумкун болчу. Демек, ар
кандай жаман создор айтылганда дулой да
болуу пайдалуу.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1