НАМАЗ окуу акыл-эси бар, балагатка жеткен ар бир мусулманга парз. Акыл-эси кемдерге, балагат жашына толо элек жаш балдарга НАМАЗ парз эмес. Бирок балдарды 7 жашынан НАМАЗ окуганга уйротуу динибизде жакшы жоролго болуп саналат.
НАМАЗ окуу учун НАМАЗга керектуу шарттарды аткаруу керек. Эн оболу, даарат алып, тазалануу керек. Эркектердин кийими кем эле дегенде киндигинден тартып тизесинин астына чейин, аялдардыкы болсо жузу жана колу-бутунан башка жерлери жабык болуусу керек. НАМАЗдын 12 парзынан бири да толлук аткарылбай калса НАМАЗ окуган болуп эсептелбейт.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2