-Апам мени силердин мектебинерге окуганы жиберди!
Имам:
-А сенин апаң кана? Биз аны менен сүйлөшүшүбүз керек.
Бала:
-Ал сыртта күтүп турат. Ичкери кире албайт, анткени ал мусулман эмес.
Имам баланын энеси ким экенин, эмне максатта келгенин билүү үчүн эшикке шашыла чыкты.
Аял:
- Мени менен коңшу жашаган аял мусулман. Ал ар качан балдарын мектепке узатып жатканда балдары апасынын колунан өөп коштошуп жатканын көрөм. Урматтуу имам, мен бул өлкөдөн ата- энесин карылар үйүнө калтырган бир дагы мусулманды көргөнүм жок. Менин балам да ушундай тарбия алышын каалайм. Балама үлгү-насаат берүүңүздү өтүнөм. Алдан күчтөн тайыганда силер сыяктуу дөөлөттүү карылыкты көргүм келет,-деген экен ислам тарбиясына болгон таасирин жашыра албай.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1