......
Эртеси күнү эртең менен Каабаны жер менен жексен кылуу үчүн Абраханын жоокерлери даярдыгын бүтүрүп, бир гана белги күтүп турган эле. Бул, биздин замандын 571-жылы, Мухаррам айынын он жетиси, жекшемби күнү эле. Кошуун кыймылга өтө турган убакта Абраханын аскерлерине жол көрсөтүүчү милдетин аткарган Нуфайл бин Хабиб аттуу адам Махмуд аттуу пилге жакындап келип, кулагына мындай деп шыбырап коёт: «Чөк, Махмуд! Аман-соо келген жериңе кайт. Сен Аллахтын ыйык жериндесиң». Нуфайлдын мындай сөздөрүнөн кийин пил жерге чөктү, аны кайрадан ордунан тургузуу үчүн жасалган аракеттер майнап берген жок. Башын Йемен тарапка багыттаса басат, Шам жакка бурса да басат, бирок Каабаны көздөй бурса, буттары алсырап баспай, жерге чөгө калып жатты. Бул табышмактуу окуяга эч кимдин акылы жетпей, ар кимиси өзүнчө ой жоруп турган чакта, Алла Таала «Абабил» деген ат менен Куранда аталган куштарды Абраханын жоокерлеринин үстүнө каптатып жиберет. Чабалекейге окшогон бул куштардын ар биринде төө буурчактай чоңдукта, бирөө оозунда, экөө чеңгелинде болуп, үчтөн таш бар эле. Бул таштардын ар бири жоокерлерге тиер замат дароо жантаслим болуп өлүп жатышты. Таш жамгырына кабылган аскерлер көз ачып жумгуча кыйрады. Таш тийбегендери болсо качып, жандарын араң куткарып калышты. Абраха да ошол убакта өз жанын араң куткаргандардын арасында болчу. Ага да бир таш тийип жарадар болгондуктан, кийин максатына жетпестен өлүп кетти. Ошол учурда Каабаны көздөй басуудан баш тарткан Махмуд аттуу пил аман-соо кутулду. Алла Таала Абраха кошуунун Абабил куштары аркылуу талкалагандан кийин катуу жамгыр жаадырып, жамгыр сели өлүктөрдү деңизге чейин агызып салды. Алла Таала Куранда бул окуяны бизге төмөнкүчө кабар берет: بِسْمِ اللهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِأَصْحاَبِ الْفِيلِ* أَلَمْ يَجْعَلْ كَيْدَهُمْ فِي تَضْلِيلٍ* وَأَرْسَلَ عَلَيْهِمْ طَيْرًا أَبَابِيلَ* تَرْمِيهِمْ بِحِجَارَةٍ مِنْ سِجِّيلٍ* فَجَعَلَهُمْ كَعَصْفٍ مَأْكُولٍ* «Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен! 1. (Ээ, Мухаммед), Жаратканың пил ээлерин кандай (жок) кылганын көрбөдүңбү? 2. Ал алардын (Каабаны ойрон кылуу үчүн колдонгон бардык) айла-амалдарын жок кылбадыбы? 3-4. Ал алардын үстүнө чоподон болгон таштарды ата турган топ-топ куштарды жиберип; 5. Аларды (курт-кумурска тарабынан) жеп-чайнап ташталган саман сыяктуу кылып жиберди!». Бул окуя сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) келүүсүнө бир далил болчу. Анткени дүйнөгө көздөрүн ачууга бир аз убакыт калганда бул окуя болгон жана туулган жери, сүйүктүү мекени Мекке, кыбыласы болгон Кааба укмуштуудай жана табышмактуу түрдө Абраханын талкалоосунан корголуп калган. Ырас, Алла Тааланын кудурет күчү, албетте, сүйүктүү элчисинин урматына бул ыйык сыйынуу жерин Абрахага таш талкан кылууга уруксат бербейт болчу.
💻 Интернет булагынан!
БИЗГЕ КАТТАЛЫНЫЗДАР КАТТАЛУУ УЧУН ССЫЛКАНЫ БАСЫНЫЗ http://ok.ru/group/54282713759979
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев