- Илим жана билим ал, окуганды таштаба, анткени окуу кайгы-капаны кетирет.
- Тообо кылууну ар дайым жаңылап тур, күнөөнү ташта, анткени (күнөө) жашооңду бузат.
- Куранды дайыма ой жүгүртүү менен окуп тур, Аллахты көп зикир кыл.
- Адамдарга ар кандай жакшылыктарды жаса, жан дуйнөң кенен болот.
- Коркок болбой эр жүрөктуу бол, эр жүрөктүүлүктүн көкүрөгү бийик болот.
- Жүрөгүңдү көралбастыктан, бузукулуктан, жаман ойлордон жана ар кандай жаман илдеттерден тазала.
- Ашыкча бир нерселерди кароону, сөздү тыңшоону, тамакты жана уйкуну азайт.
- Ачууланбай сабырдуу, жумшак жана кечиримдүү бол, анткени бул жашоо кыска.
- Сага айтылган жаман сөздөр эч качан сага таасир бербейт, аны айткандын өзүнө таасир берет, ал жөнүндө ойлонбо.
- Эч кимден сага рахмат айтаарын күтпө, сага бирөө рахмат айтууга эч кимдин сенден карызы жок, Аллахтын ыраазычылыгы учун гана башкаларга жакшылык кыл.
- Катачылыктарды , ушак сөздөрдү, адамдардын кемчиликтерин аңдыгандан алыс бол.
- Жакындан мамиле жасасаң да, узактан мамиле жасасаң да, жакшы көз-карашта болуп кемчиликтерге көзүңдү жумуп кой.
- Ар дайым кечиримди, ден- соолукту, саламатчылык жана бейпилдикти тилеп Аллахка дуба кыл.
https://chat.whatsapp.com/DQNVlSqNZt91Y7wt4Hq0MO
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев