Предыдущая публикация
(мотивациялык ыр)
Түшүндүм эмне керек экендигин,
"Мүмкүн эмес", деген сөздүн бекердигин.
Эң башкысы туура максат табып алсам,
Көзүм жетти сөзсүз ага жетердигим.
Түшүндүм өмүр сыноо экендигин,
Бирок сыноо чечүү үчүн келердигин.
Кандай сыноо болсо дагы бул өмүрдө,
Сабыр кылсам ал да өтүп кетердигин.
Түшүндүм эми кайда бараарымды,
Ийгиликти кантип кайдан табаарымды.
Дайыма окуп, иштеп өсүп турсам,
Билип турам жылдыз болуп жанаарымды.
Түшүндүм кимге жардам берээримди,
Араң таптым, ал мен өзүм экенимди.
Билим алып мен өзүмө жардам берсем,
Сөзсүз анан көтөрөмүн Мекенимди!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3