Д.А
26.10.2015
-------------------
Сырдашуу
-------------------
Омурумдун чубаланып куну отуп
Тагдыр мени сырттан карап кузотуп
Бир кун оору,бир кун соомун дегендей
Такыр эле кээде салат жудотуп
Ойлорумдун ортосунда адашам
Мас адамдай темселене баратам
Не кыларым билбей калам кээ куну
Жанымда жок кенешерим карасам
Кенеш салып акылыма турамын
Журогумдун не деерини угамын
Ал экоода келише албай калышат
Тагдырымдын табышмагын туйамын
Бул жашоодо болот экен ушундай
Жалгызданып жаракаттан сыгылмай
Озун менен озун калып кенешип
Сен турасын,омур отот зыпылдай
Бул турмуштун болуп агы,карасы
Жакшысы бар,жаманы бар карачы
Сен жолунда жолугасын баарына
Ойлоп коруп,кимиси коп саначы
Турмуш деген создо озу маани бар
Сен турбасан муштум тиер жагы бар
Тын болбосон сен озуно,бошошуп
Тепсеп сени,тебелеген дагы бар
Сен бироого коз артпастан жашагын
Кылган ишин,суйлогонун карагын
Журогундо ыйман болсун чырагым
Бул жашоодо сен татыктуу жашагын!
26.10.2015.
Автор.Д.А
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1