Физика-математика факультетинин профессору бир күнү студенттерине турмуштук сабак үйрөтүү максатында тактага 1 санын бадырайта жазды. Студенттерине карап: “Бул биздин адамгечилигибиз. Адамгерчилик биздин өмүрүбүздөгү эң маңыздуу касиет” деди да, жанагы 1дин жанына 0 санын жазды.
“Ал эми бул 0 болсо биздин жетишкендиктерибизден бирөөсү. Алдыдагы адамгерчилик сапатына бир жетишкендик кошулса ал 10 деген санга айланып, адамдык сапатты арттырат. Дагы бир жетишкендик кошулса ал 100гө айланат. Ошентип адамдын тажрыйбасы арткан сайын адамдык сапаты 10 эсе көбөйүп жүрүп отурат”. Профессор ушуларды айтканча 1дин артынан нөлдөрдү кошо берди. “Бул зиректигиңиз. Бул тартибиңиз. Бул билимиңиз. Бул өнөрүңүз” деп улам кошуп баратты. Кошулуп жаткан ар бир нөл адамды он эсе байыта тургандыгын туюнуп магдырап отурушту окуучулар. Бир маалда профессор 0 кошууну токтотту да, сандардын эң башында турган 1 санын өчүрдү. Тактада ошондо тизилген гана нөлдөр калды. Профессор эми окуучуларына карап туруп: “Мына, эгер адамгерчилигибиз жок болсо, калган бардык сапатыбыз түккө арзыбай калат”....
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев