«Ибадат он бөлүк, тогузу – унчукпоо, бири болсо – жаман достон узак туруу.»
«Тил – ирфан казынасынын ачкычы, көп сүйлөгөн көңүлдөгү кызмат гаухарын түгөтөт.»
«Аз сөз - адеп, жакшы амалдарды коргоого себеп.»
«Киши тилинин алдында сакталган. Сыр сактаган муратына жетет.»
Булбул ителги кушка айтат экен:
Экөөбүз тең куш болгонубуз менен сен падышанын сарайындасың, мен болсо бакчанын тикен баскан жериндемин. Сен түркүн куштарды кармап жейсиң, падышанын жанында кадырлуу болуп каалаганыңа жетесиң. Куштардын султаны болосуң. Мен болсо күн санап, ар түнү таң аткыча гүлдүн ачылуусун күтөм. Мен уктамайынча ал ачылбайт, ойгонгон кезде ачылганын көрөм. Ачылганын көралбайм, муратыма жеталбайм. Тикен арасында максатсыз ыйлап, жүрөгүмдү сыздатам.
Ителги минтип жооп берет экен:
Мен бир максат коём, бирок, бирөөгө айтпайм. Сен болсо максатыңа жете элек жатып миң жолу сүйлөйсүң. Сөз сактаган максатына жетет, сайраган максатына жетпейт.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев