Кыраакы мугалим сабак учурунда студенттерге:
-Эртең кыямат болуп кетсе, эмне кылмаксыңар? деген суроо таштайт. Профессордун суроосу студенттердин баарын чочутуп, терең ойго салат. Ар кимиси ар кандай жоопторду бере башташат:
-Кудайга сыйынып, ибадат кылып, күнөөлөрүмдүн кечирилишин тилейт элем...
-Бардык жакшы көргөн адамдарым менен коштошмокмун...
-Үй-бүлөм менен чогуу болмокмун...
-Ата-энеме барып, алардын ыраазычылыгын алмакмын...
-Досторум менен мурунку кездерди эскерип, баскетбол ойнойт элем...
-Мечитке барып, эртеңкиге чейин баш көтөрбөй ибадат кылмакмын...
-Эсебимдеги акчанын баарын кайрымдуулукка жумшайт болчумун...
-Колдон келишинче соопчулук иштерди аткарганга чуркайт элем...
-Менден капа болгон адамдарга барып баарынан кечирим сурамакмын...
Ушул сыяктуу айтылгандардын баарын мугалим тактага тизмектеп жазат да, акырында мыйыгынан жылмая мындай дейт:
-Балдар, айткылачы, ушундай сонун иштерди аткарыш үчүн сөзсүз эртең кыямат болушу керекпи?!
Бүгүнкү күн гана биз үчүн экенин унутпайлы. Себеби, кечээги күн өтүп кетти. Ал эми, эртеңки күнгө жетээрибиз белгисиз
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев