Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса анда мээ чарчады деп билсең болот. Адамдын денеси физикалык жактан оор жумуш жасаса же күч келсе чарчаганын билебиз. Бирок аң-сезими, мээси чарчаганда кандай болоорун көпчүлүк анча аңдай бербейт. Андыктан мээни да эс алдырыш керек экенин эске алыңыз.
Эгер адамдын аң сезими, мээси акыл эси бир нерсени жакшы кабыл албай, унутчаак боло баштаса, кебетеси да чарчаңкы тартып эч нерсеге көңүлү чаппай жатса анда дароо адиске кайрылышы абзел.
Мээ, акыл эс менен иштөө өзгөчө нерсе, бирок анын чарчаганы ар кимге ар кандай байкалат. Негизи эле мээнин чарчоосу акыл-эсти көбүрөөк талап кылган жумуштан кийин жеткиликтүү эс албагандан пайда болот. Эгер мээни эс алдырбай дайыма иштей берсе ал адамдын ой жүгүртүүсү начарлайт, депрессия жана өнөкөт оорулар пайда боло баштайт.
Адам чарчаганда мээни эс алдырып, сергек болуу үчүн кофе ичишет. Бирок тилекке каршы кофени канчалык көп ичсе, адамдын нерв системасы бузулуп, бир нерсени так түшүнүүгө жөндөмсүз болуп калат.
Адамдын мээсинин маалыматты кабыл алуусу ар кандай болот. Кээ бирөөнүн мээси ар кандай маалыматты тынымсыз так, дароо кабыл алат. А кээси мээге көнүгүү жасап, ар кандай китептерди окуп, сканворд, кроссворддорду ойлонуп чечүүдөн да болот. Ал эми кээси мээни азыктандыруудан мыкты иштейт. Негизи эле мээнин чарчоосу менен күрөшүүнүн эң жөнөкөй жолу аны азыктандырып туруу.
Мээнин чарчоосунун белгилери:
Уйкунун качышы
Мээ менен иштеген иште көп ката кетирүү
Көңүлүн бир жерге топтоо кыйынга туруу
Уйкуга жана тамакка табиттин бузулушу
Абдан ачуулуу, урушчаак болуп, бат кыжырдануу
Дайыма көңүлү чөгүп жүрүү
Албетте, заманбап медицинанын өнүгүүсүндө мээнин чарчоосун ар кандай ыкма менен изилдешет. Бирок ошентсе да атайын адиске көрүнүп, бир сыйра организмиңизди баштан аяк медициналык кароодон өтүп, андан олуттуу дарт табылбаса анда көйгөй сизде экенин эске салабыз.
Туура эмес иштейбиз
Орустун белгилүү жазуучусу Лев Толстой мээси жана физикалык жактан чарчабаганын айтып дайыма мактанчу экен. Себеби, ал түн бир оокумуна чейин чыгарма жазып, эртеси тура калып талаага чыгып чөп чапчы тура. Адистер мындай иштөөнү эң туура деп эсептешет. Себеби, акыл эсти физикалык жактан айкалыштырып иштеген адам эч качан чарчабайт экен.
Негизи мээни иштетип, акыл эс көбүрөөк талап кыла турган кызматта иштесеңиз ар бир саат сайын сөзсүз он мүнөттүк тыныгуу кылып турганы оң. Албетте, баардык эле адамдар саат сайын он мүнөттөн эс ала беришпейт. Атүгүл бошураак убакыт боло калса сөзсүз сыналгыны же компьютерди тиктейт. Алар тура калып ар кандай көнүгүүлөрдү жасап, ары бери таза абада дем алууну эске алышпайт.
Туура эмес жашоо
Бир күндє мээ канчалык көп иштээрине көңүл буруңуз. Эгер күнүгө эртең менен тураары менен мээ талап кылчу жумушта иштеп, кечинде жатаарда гана ал жумушту мээден алып салсаңыз аны чарчатып алуу коркунучу бар экенин унутпаңыз. Чарчаган мээ иште көп ката кетирерин эстен чыгарбаңыз. Ката кетирген сайын ошончолук көп иштөөгө туура келет. Бирок, канчалык аракет кылсаңыз да ката кетирип, эс тутумуңуз начарлайт. Андыктан кызматыңыз канчалык кымбат болбосун, өзүңүздүн ден соолугуңузду биринчи орунга коюп, мээни эс алдырууга убакыт табыңыз. Адам суткасына 7-8 сааттан кем уктабашы керек. Убакыт жетпейт, иш бүтпөйт деп мээни күчкө салып, кыйнабаңыз. Мисалы, Эйнштейн суткасына 11-12 саат уктап, андан кийин гана ишинин майын чыгарчу тура.
Мээни эс алдыруу үчүн физикалык көнүгүүлөрдү жасап, туура дем алуу, ички резервтерди калыбына келтирүү, йога менен машыгуу да жакшы жыйынтык берет. Андан тышкары мээни тынчтантуу үчүн жылуу ваннага жыпар жыттуу май, туз, тынчтандыруучу суюктук кошуп жатуу керек.
Сыйкырдуу таблетканы күтпөңүз!
Тилекке каршы чарчаган мээни эс алдыруу үчүн сыйкырдуу таблеткалар жок. Көпчүлүгү мындай таблеткалардан эс алса, кээсине жардам бербейт, тескерисинче күчөтүп жиберет. Биологиялык активдүү кошулмалары бар дарыларды сунушташат. Бирок алардын баары эле жардам бере албайт. Ошентсе да эч нерсе жардам бербейт деп мээни ого бетер чарчатып жата бербей, адистерге эртерээк көрүнгөн оң. А эң негизгиси эс алууга чыгуу шарт. Эс алууга чыккан соң сөзсүз жаратылышка, тоого чыгып, башка шаар көрүү мээни канчалык сергитээрин сезесиз.
Физикалык жактан чарчадым деп шалдырап жатып, уктап эс алса болот, ал эми мээ чарчаганда андан да кыйын, аягы жамандык менен аяктаарын эстен чыгарбаңыз. Мээни таптакыр эс алдырбай иштей берсеңиз эрте алжып, айткан сөздөрдү унутуп, оңой нерсеге акылыңыз жетпей калат. Андыктан мээни эс алдырууну да унутпайлы!!!
Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүшүп талкууга кой!
Комментарии 2