Курбу кызымдын чакыруусу менен Европаны көздөй сапар алдым. Аэропорттон курбу кызым, кичинекей сербейген кызы менен тосуп алышты. Ага чейинки телефондон байланышканыбызда, алардын апакеси көптөн бери ооруп жатканын, үйүндө бир топ жыл кыйналып карашканын, аларды апакеси тааныбай калгандыгын айтып атышкан.
Биз үйүнө барганда, алардын апакеси жок экен, атакеси бар экен. Апакесин булардын үйдө караганга алы жетпей калганын, анын омурткасы темирден экенин (аварияга кабылгандан кийин операция жасалганын), күндөн-күнгө акыбалы оор болуп, денеси оюлуп, доктурлар ооруканада карап баштаганын, өйдө-ылдый кыла албай калышканын, жада калса жуундуруу кыйын болгонун (темир омуртаксынын азабынан) деп айтып беришти.
Күндө абышкасы, курбум жолдошу менен барып кабар алып келип атышты. Эмнегедир доктурдан маанайлары чөгүп келишет, мен алардын көз карашынан эле түшүнүп аяп жаттым. Тамактанып отурганыбызда апакеси өз балдарын, жада калса өмүр бою бирге жашаган күйөөсүн тааныбай калгандыгын, бир эле келинин таанып “тиги эки киши үйгө эмнеге келиптир, алар эмнеге биздин үйдө жүрүшөт?”,-деп келининен кайра-кайра сураганын, алардан коркуп корунганын айтып беришти. Ошентип, алар акыркы убактарда такыр эле оорукчан эне менен алышып көңүлдөрү чөгүп, жүрөктөрү ооругандыктан, мени менен бир аз болсо дагы алаксыгылары келгендигин билдиришти. Алардын атасы аксакал бир күнү айтты: Силер конок кызды алып (мени айтканы) деңизге барып, бир аз күн алаксып келгиле балдарым. Мен болсо апаңардан кабар алып турам. “Бара гой, барып келгиле”,- деп уруксат берди. Ага чейин шаарларды көрсөтүп, музейлерге, парктарга, эс алуучу жайларга, жакшы тамактануучу жерлерге, дүкөндөргө алып барып көңүлүмдү алып атышты. Белектерди берип, мага жарашкан кийимдерди сатып берип, жакшы ресторандарга киргизишип, кыскасы аябай көңүл бурушту.
Аксакалдын уруксаты менен курбу кызым, күйөөсү, кичине кызы болуп эс алууга деңизге жөнөдүк.
Аман-эсен жетип, эс алып жүрдүк. Күндө аксакал чалып, ал акыбалыбызды сурап, “деңиз жээгинде конок кызды этият карагыла, кээде толкун катуу келет, конок кызды толкун алып кетпесин” деп аларга эскертип турду. Биздин жүргөнүбүзгө 3 күн болду дегенде, аксакал “уулум эми кайра кайткыла, апакең үзүлдү” деп чалды. Тиги экөө сабырдуу экен мага караганда, жүрөгүм үлбүрөк жанымда алар ыйлай электе мен ыйлап алдым.
Кайра жолго чыктык, жолдошунун акыбалын түшүнүп келинчеги машинаны айдап жөнөдү…
Болгон окуя
(Уландысы бар)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев