Депутат Нышанов "Бабановдун бир күндө тапканын мен он жылда табам" дейт
Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин, чыгашаларын декларациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда.Анын жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") Мамлекеттик салык кызматынын өкүлүнө кайрылып, бирдиктүү салык декларациялоонун жыйынтыгы кандай болуп жатканын сурады. "2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 400 миң декларация берилген. Ал ичинде юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер бар. Жыл сайын бул көрсөткүч 10 пайызга өсүп жатат", - деп чиновник депутатка жооп берди.Андан соң депутат Нышанов декларация толтуруудан жыйынтык чыгыш керектигин баса белгиледи. "Өткөн жылы мен Өмүрбек Бабановдон кийинки өлкөдөгү бай киши болуп чыгыпмын. Бирок Бабановдун бир күндө тапканын мен 10 жылда табам. Маселе декларацияны жөн эле толтуруп коюуда эмес, жыйынтыгында болуп жатат. Жыйынтык жок болуп жатат. Ушунун механизмин алмаштырыш керек да. Мисалы, үйүндө бир малы жок адам деп жазат, бирок ал адамдын байлыгы кандай экенин элдин бардыгы билет. Ошол эле учурда бир эле үйү болсо, аны мынча бай деп жазат. Схема туура эмес болуп жатат. Реалдуу көрсөткүчкө алып келиш керек", - деди депутат Нышанов.17:25 15-02-2017 Автор: Улукман Акимов
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев