Жээнбеков учуу коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы авиаучуулардын коопсуздугуна көңүл бурууга, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатууга чакырды.
Мындай пикирин жарандык авиациянын 85 жылдык мааракесине жолдонгон куттуктоосунда айтылат.
Мамлекет башчы учуулардын географиясын кеңейтүү, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторундагы оңдоо иштери жакшы жүрүп жатканын белгиледи.
"Жарандык авиацияны өнүктүрүү — Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мамлекеттик приоритеттүү тапшырмалардын бири болуп белгиленген. Авиациялык ташуулар рыногун өнүктүрүү үчүн аба мыйзамдарын либералдаштыруу аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт", - деп айтылат президенттин расмий сайтындагы билдирүүдө. https://www.azattyk.org/
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Нет комментариев