Албетте, аны күтүп жатышкан. Ал короого киргенде, Кадича эжеси менен Ормон жездеси үйдөн чыга калышты, анан көпкө кучакташып көрүшүштү (темир устадан чабылган темир жыттанды), а эжеси болсо көзүнө жаш алып, кыжырын кайнаткан ит сатуу жөнүндө бир саамга унутуп калып, Ардактын үй-бүлөсү кандай турат деп сурамжылай баштады. Жолугушуу абдан сүйүнүчтүү болду. Туугандары анын араб байлардын котормочусу катары келгенин билишет экен. Бектур ага өзү беш мүнөттөн кийин келди, чыдамсыздык менен күтүп жаткан көрүнөт, анысы да түшүнүктүү - Арсенсиз Бектур Саманчиндин иши жүрбөйт да. Бектур ага чапан кийип, ат минүүгө ыңгайлуу өтүкчөн жана төбөсү учтуу ак калпакчан ат үстүндө отурду. Каргылданган үнү менен биринчи эле айтканы бул болду:
- Арсен, сени күтүп отургам, аябай тынчсыздангам, убагында келгениң дурус болду. Иш план боюнча жүрүп жатат, баары даяр. Мен сага биздин көптөн күттүргөн мерген-конокторубуздан факстарды алып келдим. Окуп көрөсүң, которосуң, бирок эртең. Бүгүн эс ал, өзүңө кел. Жумуш чачтан көп...
Дагы бир аз сүйлөшүштү, чай ичишти, эжеси баарын даярдап олтуруптур, анын ортосунда учурашабыз деп кошуналар кирип-чыгып жатышты. Көчөдөн балдар чуркап келишип, "Ниваны" тегеректеп алышты. Күтүлбөгөн жолугушуу да болду, ойдо жок жерден классташы Таштанафган менен баарлашты. Анын чын аты Таштанбек болчу, бирок ооган согушунда үч жыл кызмат өтөгөндөн кийин - дагы жакшы жеңил жаракат алып, төшүнө орден тагынып, кайтып келди - айылда аны Таштанафган, үйүндөгүлөр андан да кыскартып - Ташафган деп атап калышкан. Орусча которгондо бул ат "твердокаменный афганец" дегенди билдирет: таш - "камень" , таштан - "сделанное из камня". Мисалы, таштан эстелик - "каменный памятник" . Ошондой эле тоолук кыргыздарда кеңири тараган аттар түзүлгөн: Темирбек - железный бек, Темирхан - железный хан, Темиркул - железный раб... Мына ошентип ага ата-энеси берген ысым асмандагы символикалык белгилер менен төп келет деп ким ойлоптур! - Ал бойлуу жана күчтүү болуп бойго жетти (баса, ал жаш кезинде эле ушундай болчу, алтургай айылдагы балбандар менен бел күрөшкө да чыкчу), айылдаштары жаштыгы Оогандын жапайы тоолорундагы согуштук кырдаалдарда такшалган жоокерге урмат көрсөтүү иретинде Таштанафган деп өзгөртүп алышкан. Арсен Саманчин менен алар классташ, бир уруудан, анан дагы балачагынан дос болушчу. Кийин алардын жолдору эки башка жакка кетти. Арсен студенттик күндөрүн Москвада жана Ленинградда өткөрдү, шаар жашоочусуна айланды. Таштанафган аскерге чакырылып жана жөө аскердик бөлүктүн курамында Ооганстанга жөнөтүлгөндө, ал областтык айыл чарба техникумунун агрономдук бөлүмүн аяктап жаткан. Кудайга шүгүр, мекенине аман-эсен кайтып келген соң өз колхозунда калды, аңгыча кайра куруу менен демократиялык реформалар башталды, айыл жергесинде жерди менчиктештирүүгө киришишти. Таштанафган, бул жактагы башкалар өңдүү эле, чакан айыл чарба ишкердиги менен оокат кылып жатты, а тагыраак айтканда, башкалар катары эптеп-септеп күн көрүп жүрдү, бардык эле жерде, өзгөчө мындай алыскы тоолордо ушундай болчу.
Иниси келээри менен эжеси айылдаштар аны күтүп жатышканын айтып берип жатканда, Арсен Саманчин ушунун баарын эске түшүрдү.
- Туугандардын баары сени күтүп жатышат, Таштанафган үч мертебе келип, сени сурап кетти.
Арсен бардыгы менен учурашып, пикир алышууга араң үлгүрүп жатты. Кошуналары менен шеф Бектурдан башкасы - айылдаштар аны адаттагыча "байке" дешпестен, заманга жараша "шеф" деп атап коюшуптур - Таштанафган да учурашканы келди. Алар да бекем кучакташып көрүшүштү. Экөө тең бири-бирине кубанып турушту. Көрүшпөгөндөрүнө эки жыл болуп калганын эстешти. Бул жаатында Таштанафган мындай деди:
- Бу силерде, шаарда ар кимдин өз телефону бар, ким менен кааласам, качан кааласам сүйлөшө берем. Биздин болсо телефондорубуз жок жана болоору да күмөн. Өзүң билесиң, Арсен, дагы жакшы айылда свет бар, совет мезгилинде коюлуп калган. А колтелефон - шефте жана анын эки жардамчысы - Борбий менен Жанарбекте гана бар, алар эсиңдедир, мектепке чогуу барчубуз.
- Ооба, билбей анан, - деп жылмайды Арсен жана сөзгө аралжы эски досун кубаттоого тырышты: - А колтелефондор тууралуу мен ойлойм, араб ханзадалар менен илбирстерге аңчылык кылсак - сен сөзсүз бир нерсе иштеп табасың. Шеф Бектур ага шаарга келгенде айткан, илбирс айдоочтордун арасында башчысы сен турбайсыңбы. Аскаларга чыгуу, жарлардан секирип, тамагың айрылганча кыйкыруу - оңой иш эмес. Бектур ага сени аябай баалайт, анын үстүнө сенин оогандык тажрыйбаң бар да. Жакшы төлөп беришет деп ишенем. Телефон жана дагы бир нерсе сатып аласың. Негизгиси илбирстер тузакка түшүп берсе эле болду.
Таштанафган ийиндерин арсар куушурду:
- Кандай болот, көрөбүз да. Дагы сүйлөшөбүз. Сен күлбө, Арсен, бирок ак илбирстер биздин тоодо өтө сейрек жырткычтар, алар жөнүндө бала кезде бизге канча жомокторду айтып беришчү эле, а колтелефондор шаарда - каптагы картөшкөдөй. Ар кимдики өзүнө.
- Аның го чын, - деп макул болду Арсен Саманчин, - бирок поезд өз жолу менен жүрөт. Эми бул жомок эмес, өзүң көргөндөй, араб мергендердин алдына илбирстерди өзүң айдап келесиң. Эми бул чоң ишкердик.
- Ооба, албетте, чоң ишкердик. Сөз жок.
- Шеф Бектур ага, силер айдоочтор, беш адам деп айтты, сен жетекчиси сыяктуу экенсиң, баарыңар өз аттарыңар менен жана ат үчүн - өзүнчө төлөнөт.
- Ал чын, - деп ырастады Таштанафган. - Биз бешөөбүзбүз. Жана аттарыбыз да күчтүү. Болгону бут баспаган тоолор жана кар менен жүрүүгө туура келет, үзөңгү үчүн да төлөнсө болмок - ишкердик деген ишкердик да. Болуптур эртеңге чейин.
- Мейли, эртеңге чейин.
Бирок короодон чыгып баратып, Таштанафган ойго бата бир нерсени айтпай калгансып токтоду. Чын эле ошондой болуп чыкты. Ал кайта келди:
- Токто, Арсен, дагы бир мүнөткө кармайын.
- Ооба, бир нерсе айткың келдиби? Угуп жатам.
- Четке чыгалы да. Түшүн, сен биз үчүн өз адамсың, биз баарыбыз туюктуктарбыз го. Арабдарга эмне - биздин тоолордо аңчылык кылып алып кете беришет, а биз кантебиз - өзүбүз ойлонушубуз керек. Мына биз бешөөбүз айдоочтор сени менен маңдай-тескей олтуруп кеңешели дегенбиз. Качан эми мындай мүмкүнчүлүк болот? Баса, биз сага да шефтин тапшырмасы боюнча ат даярдап койдук, араб коноктор менен кошо сен да ат чаап жүрөсүң. Сенин атың ойдогудай, мыкты, көрөсүң го, ээри менен ооздугун, баарын камдадык. Ананчы шеф айттыбы - демек, бүттү! Сага атты көрсөтөбүз, минесиң, бастырасың, бир жолу чай ичишебиз, сүйлөшөбүз. ..
- Болуптур, Ташафган, кел отуралы, сүйлөшөлү. Бирок качан? Убакыт табуу керек, биздин ишкердик-план жылчыксыз. Шеф менен макулдашыш керек.
- Мына-мына. Эртең убактың болобу? Арабдар он жетиси келет, бүгүн он экиси өтүп баратат. Эртең жолугушушубуз керек, антпесе үлгүрбөйбүз. Чалгындап тоого кетебиз. Иш чачтан көп. Эх, болгону эки араб келет экен, а биз бүтүндөй айылыбыз менен камынып жатабыз... Болуптур, бешөөбүз күтөбүз, койчу жигиттер сени менен абдан көрүшкүлөрү келип жатат.
- Макул, мен шеф менен сүйлөшөйүн.
- Сүйлөш, бирок тиги, жөн эле классташым менен жолугам деп айт. Жана эсиңде болсун, бир аз ичип-жегенге да убакыт болбойт - ал эмкиде. Биз бешөөбүз ошентип чечтик, азыр андан да маанилүү иш бар.
- Кабатырланба, Ташафган, мен деле ичкиликке жокмун (жакында эле "Евразия" ресторанында бир стакан толо аракты көңтөргөнүн айтып мактанайын деди, бирок ушунун баарынын артында ким турганын эстеп, кыжыры кайнап, туталана түштү). Албетте, биз чогуу олтуруп, сүйлөшүшүбүз керек, биз теңбиз, бир мектепте окуганбыз.
- Аның ырас, Арсен, ал эми бешөөбүздүн бирөө - мурдагы мугалим, сен аны тааныйсың, чогуу окуганбыз - Саксан. Эсиңдеби, биз аны саксагай деп тамашалачубуз. Ал педучилищаны бүткөндөн кийин, дене тарбиядан сабак берчү.
- Ооба, албетте, эсимде.
- Ошол Саксан-саксагай азыр жылкычы болуп алган, мугалимдин жарыбаган маянасына жашай албайсың.
Арсен унчукпады, айтар сөзү жок болчу. А Таштанафган улантты:
- Саксан аябай жакшы киши, бирок тагдыр аны өйдө-төмөн калчады. Соодагер болуп эки жыл сандалды. Кыйналып жүргөнү бышык. Кел, олтургучка көчүк басалы, Саксан жөнүндө эки ооз сөз. Чыдап угуп кой.
- Мен даярмын. Кел, олтуралы.
- Саксандын айтканы чынбы, калппы айтыш кыйын... Бирок бул жөнүндө ал сотто ант берип айтып жаткандай эле айтат.
- Анан эмне деген жомок экен?
Бир аз унчукпай туруп, Таштанафган жооп берди:
- Билесиңби, соодагерлерди көр оокат кайда гана алпарбайт, ошентип ар кимден угуп алса керек Саксан, эми өзү билгендей айтып жүрөт. Эмнегедир ал мунайзат өндүргөн араб өлкөлөрүнө абдан кыйкымчыл, бейиште жашагансыган тиги эмираттардын баарын жек көрөт. Анын айтканы боюнча алар мунайзат өндүрүү менен кутурушуп, ошол мунайзаттын эсепсиз баасынан акылдарын жоготушат экен. Ал айткандай, алар жердин канын соруп, жөн жерден байып жатышат.
- Эми бул баарына белгилүү, жалпы дүйнөлүк жагдай, - деди Арсен Саманчин. - Мунайзат долларлары үстөмдүк кылат.
- Андай экени го белгилүү. Ал эми ошол араб байларынын жоруктары - биздейлердин түшүнө да кирген эмес. Билесиңби, алар, эң кымбат машинелер менен жарыштарды уюштурушат экен - анан кайда дебейсиңби? Сахара чөлүндө.
- Сахара?! - деп таң калды Арсен. - Шайтан алгырдыкы, мындайды уккан жок элем! Ооба да, тоолордо, кооптуу шарттарда жарышты сүйгөндөр бар эмеспи, ал эми кумда андан да укмуш болсо керек.
- Ошол эле болсо эмне! Элестетсең, Арсен, бул жөнүндө Саксагай бизге өз көзү менен көргөндөрдүн сөзүнөн айтып берди, сыналгыдан да көрсөтүштү - оозубузду ачып калдык! Төбө чачыбыз тик турду. Тиги жарышкандар жип менен - болгондо да кандай - бизде андайлардын чаңы да жок, жадагалса шефтики да, ага жипти ошол жактан айдап келишкен деп айтышат го, эмираттарданбы же кувейтиненби. .. - анан ошол жарышчылар жөн эле айдашпайт. Алар өздөрүнүн эң мыкты жиптеринде эч нерсеге карабай кум дөбөлөрдө жарышып зымырашат - алар да бизге окшош "чоку" деп аташат экен - бирде тике ылдый секиришет, бирде мухит толкунунда тактай менен секиргендей жогору учуп чыгышат. Ошол шойкомдуу тактай кандай аталат эле?
- Серфингдик- толкун үстүндө жылгаяк тебүү деп аталса керек эле. Анан?
- Ошентип анан марага акыркы келген жип кара жолтой болуп эсептелет да аны жазалашат. Алар, ойлоп көрсөң, тамаша, көңүл ачуу үчүн каткырышып жолсуз машинеге бензин чачышат да, өрттөп жиберишет, өзүлөрү бийлешет, сайран курушат, утулган жарышчы да алар менен бирге шаттанат, шампан куюнушат жана акыркы наадандардай жоруктары менен эч кандай иштери да болбойт. Эч нерсе болбогонсуп эртең эле башка жапжаңы жип сатып алышат, алар үчүн бул арзыбаган нерсе, анын үстүнө көңүл ачып да алышпадыбы. Алар бир кездеги ушу кумдарда итирейген төөлөрүн ары-бери чапкылап жүргөн, кумга көмүлүп калбашы үчүн төөм мүдүрүлбөсө экен деп Кудайдан тиленген бедуиндер - көчмөн арабдар эмес экенин өздөрүнө далилдешти. Мунун баары анткени, Арсен, алардын мунай бургуларынан оргуп чыгып жаткан миллиондоруна эсеп жок. Жер жүзүндө эмне үчүн ушундай болот? Эч кимдин бул үчүн жооп бергиси келбейт - бирөөлөр көңүл ачуу үчүн жиптерди өрттөсө, а башкалар, мисалы биз балдарыбызга мектепке кийип барганга бут кийим сатып бере албай отурабыз.
- Мен түшүнөм. - Арсен Саманчин акырын жооп берди.
Ташафгандын акыркы айтканы анын жүрөгүн өйүттү, ыңгайсыз боло түштү. Мындай кепти күткөн эмес. Жөн эле тиги-бу жөнүндө кобурашат го деп ойлогон. От алып алган Таштанафганды эптеп жоошутуу үчүн:
- Сарсанаа болбо, досум, - деди, - ачууланба, мен түшүнүп турам, бирок кереги жок... Алар бир күнү азабын тартышат, жашоонун сабактары көп.
- Мага эмне! Мен өзүмдү башкарам. Ал эми тиги Саксагайды көрсөң, бул жөнүндө айтып жатканда муштуму менен асманды сабайт. Ал дүйнөдөгү ушул адилетсиздикти ушунчалык жек көрөт. Араң эс алдырабыз, анан жашырганда эмне, жүз грамм ууртатабыз.
- Ооба, албетте. Бирок кел, андан ары ырбатпайлы, - деп Арсен аны далыга таптады. - Негизинен бул өлкөлөрдө эл, кандай бай болбосун, дурус эле деп ойлойм. Ал эми тиги байлыктан мээлери айныган өрттөгүчтөр кокусунан эле чогулуп калса керек. Аларга Кудай тараза. Бирок карасаң, бизге да алардан бир нерсе артчудай болуп турат: илбирстерге аңчылык жакшы өтсө - ар бирибиз өз энчибизди алабыз.
- Ооба, эгер ошондой болсо, ал биздин шеф ушундай ишкер адам экенинен, баарыбызга ишкер - бириккен чарба түзүп бергенинен. Көрөбүз. Аңчылык бактысы шамалга окшош - кармай албайсың.
Аны колдоо максатында Арсен Саманчин тамашалай кошумчалоону чечти:
- Жана дагы кимге ыраазычылык билдирип, таазим этүү керек болсо, ал биздин ак илбирстерге. Алар тоодо болбогондо - аңчылык да болмок эмес. Бектур аганын келишимдери да болбойт эле!
- Аның ырас, - деп макул болду Ташафган олуттуу карай. - Илбирстерди биз сатып жатабыз. Демек... Анан эмне кылалы? Алар менен келишим түзө албайсың.
- Айттың да! - деди Арсен Саманчин күлө. - Мындайды уга элек элем - ак илбирстер менен келишим. Укмуш! Рахмат сага. Эс алабыз. Макулбу?
- Макул! Сени бир аз кармап койдум. Күн да кечтеп калды. Эс ал, бирок унутпа, абдан суранам эртең көрүшөлү. Биз сага атыңды жетелеп келебиз.
- Макул, Таштанафган, шаарда мындай учурларда: ат көрүү уюштурабыз деп айтышат.
- Мына-мына, ат көрүү... Шефке ушинтип маалымдайбыз: ат көрүү болот деп. - Анан коштошуп жатып сурады: - А сенин ат мингенге өтүгүң барбы? Жок болсо табабыз.
- Камтама болбо. Мен эмнеге келе жатканымды билгем да, качанкы бир эски өтүгүмдү алып алгам. Жылдар бою жөн эле жаткан.
* * *
Ал күндү жыйынтыктап, күндүз чарчаган Арсен туугандары бөлмөнүн бурчуна салып койгон төшөккө жатаар алдында колтелефон менен шеф Бектур ага өзү чалды. Ал араб коноктордун биринчи түнөгү боло турган тоо астындагы Дасторкон коктусунда жүрөм деп билдирди. Талаага түнөк уюштуруу, өзгөчө мындай деңгээлдеги мырзалар үчүн, оңой эмес экени турган иш. Эртең түштөн кийин жолугушуп, анан калган жумушту баштоону болжошту. Үч күндөн кийинки Олуя-Ата аэропортунан мерген-конокторду тосуп алууну кеңешип алуу керек. Алар келген убакыттан тартып Арсен дайыма күн-түн дебей алар менен чогуу жүрүүгө милдеттүү. Ал дагы оңой иш эмес: аңчылык го өз жолу менен, алардын кандай адамдар экенин, мүнөздөрү, кызыгуулары кандай кантип билүүгө болот.
Кыскасы, Арсен Саманчин өз милдеттерин чын дилден аткарууга даяр, ошону менен телефондук сүйлөшүүдөн кийин уктап баратты, астыртан гана Ташафган менен болгон маегин эске салды. Ал эмне үчүн анчалык буркан-шаркан түштү? Кызык...
Ал эми ошол жайкы учурда тоолор койнунда, ошол саатта ак карлуу чокулар менен узатасынан түшкөн тоо кыркаларынын ортосундагы капчыгайда толук караңгы кирди, кыштагыдай суук болду. Бул аймактардагы бардык жан-жаныбар тиричилигин эртең мененге чейин токтотту. Тынч алуу керек эле. Бу жердеги жаратылышта бардыгы ошол тынчтанууга шарт түздү - тоолорго жакын салаңдаган чоң, жарык жылдыздар асманда жанышты, булуттар топтошпой, жамгырдын эч бир жышаанын билгизбей тоо кыркаларына жайылып кетишти, күрүлдөгөн дарыялар тынчый түшүштү. Ал эми Үзөңгүлөш ашуусунун кире беришинде шамал согуп жатты жана жээринди Жаабарс бул жерде үйүлгөн таштарды кечип, түнөккө ылайыктуу жай тандап, жанын жай алдыруу үчүн ары-бери басты. Байкуш ошол бойдон ашууну аша алган жок, жай экинчи жарымына ооду, ал болсо дагы эле бул жерге жүгүрүп келе калып, сандалып жүрүп, жоголуп кетет да, имерчиктеп кайра кайтып келет. Мына бул ирет да түнөп калды. Токойдогу чымчыктардын үнүн баспай, өз ара үн алышканы ага жакпай турду. Түнкү үкү кобуранып аларга жиндене күңкүлдөдү, алар көңүл да бурушкан жок... Андан да көбүрөөк астыртан жырткычты бушайман кылган, алыскы созолонгон адамдын үнү болду. Алар кайдан чыгып жатат? Бул айланадагы тоолорду кыдырып жүргөн дал ошол, Кайып колукту пайда болгонун Жаабарс билсечи. "Кайдасың? Кайдасың? Үн чыгарчы! Бул мен - Кайып колукту, мен сени чакырып жүрөм, сага чуркап баратам, кайдасың, кайдасың?" Бул жолу Кайып колукту ыйлады, онтоду, кыйкырды: "Ой, ой эми эмне болот? Эмне болот? Эмне болот? Ой, ой эми эмне болот? Эмне болот?" Ал мынчалык эмнеден коркту? Алда нени билгенсип.
Кайып колуктунун кусалануусуна, коркконуна Жаабарс чыдай албады, ордунан туруп, жалгыз аяк жол менен башка тарапка кетип калды... Анын иши канча? Бир гана Жаратканга белгилүү...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1