Сыйлуу коноктор - жээндер Хасан менен Мисирдин келээрине саналуу күндөр калды. Албетте, алардын толук аттары бир топ татаал жана узун, аларды жаттап алуу керек. Азырынча бул жагы деле жетиштүү - Хасан жана Мисир... Алардын аңчылык кызыгуусуна кызмат кылуу үчүн Арсен туулган айылына, Теңир-Тоо кыркаларындагы, алыскы Туюк-Жар тоолоруна кетип баратты.
Жол узак - беш сааттык. Жолду жакшы билгенине, айрыкча машине айдаганды үйрөнгөндөн бери көп жолу каттаганына карабастан, ар бир жол жүрүү сыноого айланчу - жол жарымына чейин асфальт төшөлгөн, андан ары өйдө-ылдый өрүштөр жана жардуу дөңсөөлөрдүн чети менен таштак жол кетет. Акыркы жылдары шаар-кыштактарга толуп кеткен заманбап чет элдик машинелердин арасында сейрек көрүнгөнү менен "Нива" али жүрүштөн кала элек.
Азыр ал дал чыгыш тарапта кетип баратат. Шаар четиндеги булуңдарды жана салынып бүтө элек үйлөрдү аралап өтүп, чет жакадагы бактар менен айылдарды кесип, жол мурдагы колхоз, совхоздордун талааларына чыгат. Андан ары дөңсөлүү тоо четине кетүүчү ээн талаалар ачылып, алардын артынан кылымдарды карыта кокту-колотторду жердеген жолборс менен кабыландардын татыктуу бир туугандары, заматта эл аралык аңчылыктын көңүлүн ушунчалык бурган, жырткыч ак илбирстер мекендеген Теңир-Тоо тутумдарынын асман тиреген ак мөңгүлүү тоо кыркалары элес-булас көрүнөт.
Мына ошол тарапка, көк мелжиген бийик тоолорго Арсен Саманчин багыт алды, кээде гана ар кандай тиричилик себептери - акыркы сапарга узатуу же үйлөнүү тойго, же жакын туугандары жаңы конушка ээ болгондо келип-кетип жүрүүчү туулган айылына "Нивасы" менен баратты. Анын токтой турган үйү - бир тууган эжесиники - күйөөсү темир уста, темир устачылык менен көп акча таппайсың, уулу Өскөн үйлөнгөнү турат, тамга улап үй куралы деп көптөн бери айтып жүрөт. Эгер баары ойдогудай болсо, аңчылык ийгиликтүү өтсө, албетте, үй салууга акча бериш керек. Ананчы, сөзсүз бериш керек.
Бул жолу Арсен Саманчин мекенине өзгөчө себеп менен баратат десе да болот, мурда мындай болгон эмес. Тууганы - бул аймакта баарына белгилүү аңчылык боюнча ишкер Бектур Саманчиндин чакыруусун кабыл алганы Арсендин жердештерин таң калтырган деле жок: байкеси го байке, бирок асмандан түшкөн долларлардын арасынан ким эле өз үлүшүн алгысы келбесин? Кайсы келесоо баш тартат? Араб коноктордон, тагыраак айтканда, ак илбирстерден ушундай түмөн акча түшкөнү турат, анткени - ал да болуп көрбөгөн иш - жырткычтар да эми базардык айлампага кирди: бул жерде ак илбирстер болбогондо бу коноктор анча акчаны эмнеге чачмак эле.
Мындай акча жөнүндө сөз болуп жатканда кимдин оюнда эмне бар экени эч кимди кызыктырбайт. Ар кимдин өз түйшүгү бар, ал эми бирөөнүн оокат-жайы менен башкалардын иши жок. Ошондуктан Арсен Саманчиндин котормочу болуп берүүгө макул болушунун чыныгы себептери эч кимди кызыктырган жок.
Рулда олтуруп, ылдамдыкты жана каршысынан чыккан машинелерди байкап - өзгөчө кескин бурулуштарда, кытайлык деп аталган чоң, үстүнөн бери жүк жүктөлгөн, узун машинелер кыйшайып өтүп кеткен сайын ал жеңилдей түшүп үшкүрүнөт. Арсен ушул жолдо кыйналып келатып да, баягы эле нерсе тууралуу ойлонуп жатты: мындан ары кантип жашоо керек, кандай кылат? Ушул эле болсо эмне! Бет алдынан баягы эле аны бир жолу кыжаалат кылуучу өжөр, эч арылбай кыйнап келген ой чыга калып жатты. Ошон үчүн рулда келе жаткан Арсен улам ойдолоп, бир ордунда олтура албады, аны ичинен "акыркы жооп белгиси" мазесин алууда - ичиндеги тымызын түтөп, басылбай жаткан өч алуу өртүн ал өзү үчүн ушинтип атап алган. Өзүнүн ушул абалын жеңилдетүү үчүн туура чечим табууга акылы жетпей, өзүн-өзү жеңе албай, ушунчалык айласы куруп турганына өзү таң калды. Бир кезде ак көңүл эмес белең, а көрсө, жексур турбайсыңбы. Алгачкы доордук табигый сезим ардантат жана базардык идеология мен үчүн эмес, алыс ыргытат... Социалисттик кайдыгерликтен, биз базардык сазга батып баратканыбызды кээ бирөөлөр гана түшүнөт. Ал эми базар, аны менен бирөө тил табышпаса - түбүнө жетет. Бирок эгер сени өлтүрүп жатышса - сен да өлтүр. Базардык "акыркы жообу" ушундай. Өзүн тилдеп, жемелеп, шылдыңдаганы менен жүрөгүнүн түпкүрүндө эч кандай өкүнүүгө же кечирим суроого моюн сунбады. "Акыркы жоопко" толук моралдык акым бар деп эсептеди.
Ошентип, эгер Кудайдын бар экени чын болсо, ал аларды унуткан, же Кудайы бар болсо, алар аны унутушкандай өзүнө окшогон жандар жайнаган шаар көпчүлүгүнөн, улам алыстап, көңүл чөктүргөн коркунуч менен дүрбөлөңдү, кайгы-капа менен сары санааны өзү менен кошо алып, "Нивасында" тоо этегиндеги жайыкка тереңдеп кирип баратты. Айданадан аны ажыраткан, аны массмаданиятка азгырган каргыш тийген бул шаарды желкесинин чуңкуру көрсүн.
Арсендин өзүн шаар коё бербей, артынан кууп жетип, телефон чалуулар менен жолун тороп жатты, аларга рулду колунан коё бербестен же жол кырсыгына кабылбаш үчүн машинени жолдун четине токтото калып жооп берип жатты. Негизинен макулдашылган макалаларды же интервью тексттерин күтүп жатышкан ар кайсы редакциялардан чалышты. Аларды кийинки убакытка жылдырууга, ал эми кезектеги көрсөтүүлөрдү даярдоону пландаштырып жатышкан көк бет редакторлор менен алып баруучуларга ал азыр эс алууда, башкача айтканда, өзүнө-өзү эс алуу бергенин, антүүгө толук акысы бар экенин жана келерки үч жума башка жактарда болорун, мына азыр да шаардын чегинен чыгып кеткенин түшүндүрүүгө туура келди. Жалпысынан, бул күнүмдүк маселелерди азырынча артка жылдырып, макулдашты, бирок экөө шашылыш, талкуулануучу маселелер эле, телефон чалгандар түшүндүрүүлөрдү, телефон аркылуу талкуулоолорду талап кылышты, анткени басма сөздө жана телекомментарийлерде анын өзүнүн маанилүү коомдук маселелер боюнча айткандарына берилген сын-пикирлерге токтоосуз жооп берүү зарыл болчу. Бул жагдай ага жаңылык эмес болчу, ал көп учурда ар түрлүү суроолор боюнча талашып-тартышып, өзүнүн көз карашын далилдөөгө мажбур болоор эле, бирок ошол жерде редакцияда чечишүү - бир, ал эми аралыкта, телефон аркылуу талкуулоо - таптакыр башка нерсе. Бирок башка арга жок. Дагы жакшы телефондогу маектеши өз адамы, "Жаңы жол" гезитинин башкы редактору Кумаш Байсалов экен. Алар көптөн бери кабарчылык иш менен байланышып турушат.
- Кулак салчы, Кумаш, - кыжырлана сүйлөдү Арсен Саманчин. - Дагы шашылыш эмне болуп кетти? Мен жолдомун, айттым эле го сага. Кайтып келем, мына ошондо сүйлөшөбүз. ..
- Мен түшүнөм, Арсен, бирок сени билсеби дедим - сенин медиафорумдагы, эсиңдеби конференцияда сүйлөгөн сөзүң боюнча?..
- Албетте, эсимде.
-...Мына демек, биздин жергиликтүү диний ишмерлердин тобу - мусулмандар да, христиандар да, алтургай либералдык баптисттер да ачык кат жазышты. Айткам сага, дайыма эле аша чаап кетесиң деп.
- Анан тиги уламалардын тынчын кетирген эмне экен? Аларды бир тууган боло калууга эмне түрткү болду? Жөн учурда бири-бирине кол да беришпейт...
- Сенин баарына угуза, эл алдында Кудайдын бар экенине шек келтиргениң, Жараткандын өзүн, катта айтылгандай, өз "Сөзүңө" көз каранды кылганың.
- Кандайча? Бул эмне дегени? Жараткан менин "Сөзүмө" көз каранды болсо, анын кудуреттүүлүгү кайсы. Тантырай беришет.
- Макоолонбочу, Арсен. Сен эмнеге барып жатканыңды билгенсиң. Эми алар сенин күнөөңдү мойнуңа алып, эл алдында өз көз карашыңды жөн гана жаңылыштык эмес, чындыкты атайылап каралоо деп айтышыңды талап кылып жатышат.
- Токто-токто, кайсы көз карашты?
- А сен Алматыдагы медиафорумда чыгып сүйлөгөнүң эсиңдеби?
- Эми ойлоп көрсөм... Ал май айында, эчак болгон да.
- Туура, жыйырма бешинен жыйырма жетисине чейин.
- Анан эмне болуптур?
- Мына угуп тур, мен сага алардын нааразычылыгынын мазмунун окуп берейин.
- Кана башта.
- Телефонуң өчүп калбайбы?
- Кабатырланба, электр кубаттагычы бар жанымда.
- Анда окуп жатам. "Ошентип, биргелешип талкуулоонун натыйжасында бирдиктүү пикирге келип, биз, дүйнөлүк диний окуулардын аймактык борборлорунун өкүлдөрү, белгилүү журналист Арсен Саманчиндин "Евразия медиафоруму" конференциясында мазмуну жагынан атеизмден да коркунучтуу, тарыхтын көчмөн доорунун маданиятсыз, философтук сыяктанган "Сөз" текстинен үзүндү келтирип жана ага таянып кудайга шек келтирүүсүнө нааразылык билдиребиз жана каршы чыгабыз". Угуп атасыңбы?
- Ооба, угуп атам, угуп атам.
- Андан ары сенин текстиң. Баса, эсиңдеби, конференциядагы чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн баары сыналгыдан көрсөтүлгөн? Сенин эмне деп айтканыңды азыр мен окуп берем, чыдай тур, жана алардын катында бул келтирилет: "Мүмкүн заманбап ММКнын чыныгы ааламдык мааниси боюнча өз түшүнүгүм, өзүмдүн көз карашым пайда болоор. Ошондуктан калыптанып жаткан замандын маалымат мейкиндиктеринин негизги азыркы учурдагы күндөлүк маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин гана эске албастан, атам замандагы көчмөн ойчулдардан мураска калган сөздүн ар тараптуулугун түшүнүү, түпкү маңызына жетүү максатында байыркы метафораларга кайрылгым келет. Өзгөчө, үстөмдүк кылуучу дүйнөлүк диндердин догматтарына чейин эле айтылган көчмөн доордогу кыргыз-казак поэзиясынан көлөмдүү мисал келтирейин. Которулганда бул мындай айтылат: "Сөз асманда Кудайды кайтарат, Сөз Ааламдын сүтүн саайт жана тукумдан тукумга, кылымдан кылымга бизди ошол сүт менен азыктандырат. Андыктан Сөздөн сырткары, Сөздүн чегинен ары Кудай да, Аалам да жок жана дүйнөдө сөздүн күчүнөн ашкан күч жок, дүйнөдө Сөздүн отунунун табынан жана кубатынан ашкан жалын жок. Бул ар тараптуу негизги эреже ээр үстүнөн жер жүзүнө көз чаптырган ошол кездеги көчмөн ойчулдар, ошол кездеги төкмө акындар тарабынан иштелип чыккан".
- Мунун эмнеси биздин молдолор менен попторубузга жакпай атыптыр?
- Мына бул: алар бир добуштан эсептегендей, кантип мындай ачык, эл алдында Кудайды жокко чыгарууну чыдап угууга, сыналгыдан көрсөтүүгө болсун?! Түшүндүңбү?
- Ооба, чынын айтсам, алар жактан мындай мамилени күткөн эмесмин. Алар кененирээк ой жүгүртүшөт деп ойлогом. Ошентсе да, бул менин пикиримди кымындай да өзгөрткөн жок.
- Болуптур, биз эмне кылалы?
- Кандай кылсаңар өз эркиңер.
- Түшүнүктүү. Анда эсиңде болсун, Арсен, - жолдо экениңе карабай чалып жаткан себебим - биз кечиктирбестен биздин диний жамаатты колдойбуз жана бул катты биринчи бетке жарыялайбыз. Биз экөөбүз кайра куруудан бери эле кол кармашып келебиз, бирок азыр мындай кылбасак, биздин гезит каржы ийнеси жок калат, түшүн. Бизге муну кыйытып айтпай ачык эле билдиришти. А биздин "сайгычыбыз" ким экенин өзүң билесиң да.
- Билбей анан. Ал силерде эле "сайгыч" эмес, жакында бүт маданият анын каржы ийнесине олтурат. Бардыгы - олжо да, буйрук да - анын колунда болот.
- Демек, сен бизге таарынбайсыңбы?
- Кенедей да. Жасай бер. Мен өз көз карашымды коргой берем. Чындык үчүн өзүнүн чөйрөлөрү табылат.
- Макул! Бирок сен түшүн, Арсен, мен жакшы турмуштан эмес... Сенин буга чейин да бир макалаң "сайгычтарга" катуу жакпай калбады беле.
- Кайсы макала?
- Орусиялык басма сөздө.
- А-а, ооба.
- Аты эле кандай - "Байлыкка жана бийликке умтулуу оорусу"! Мыкты макала. Таш доордон биздин күндөргө чейин...
- Ооба, болгон, - деди Арсен Саманчин кыска сүйлөп, ал макала да өз ролун ойногонун эстеди, нааразылыкты туудурган, ошон үчүн динчилдерди алга сүрөштү, алар болсо ашыкча аракеттеништи. Ушунун баарынын артында баягы эле Эрташ Курчал турат. Мындан Арсен күмөн санабады. - Болуптур, Кумаш, - деп кошумчалады ал, колтелефонун ээгине кысып - эске алам. Азыр анда ары жөнөшүм керек. Көрүшкөнчө, Кумаш!
- Болуптур! Арсен, сага акыл үйрөтө турган мен эмесмин, ошентсе да айланаңда болуп жаткандарды байкап жүр. Катты жарыялайбыз, башка арга жок. Уламалар бизден калбайт.
- Кайдагы уламалар? Маскарапоздор!
- Мен жөн эле тамашаладым. Кыскасы, сен тоолук эмессиңби, кайсы жерде өрүш, кайсы жерде эңкейиш, а кай жерде жар бар экенин билишиң керек. Ак жол...
- Рахмат. Мен аттандым, - бул каалоо эмнени билдирээрин түшүнүүгө аракеттенип, жооп берди Арсен Саманчин - жолго эскертүүбү же андан да маанилүү турмуштук нерсеби?
Кийин редакциялардан дагы эки телефон чалуу болду, бирок машакатсыз, жеңил...
Май куйганга гана токтогон Арсен Саманчин тоодогу кара жолдун кыйма-чиймесине жакын калды. Өрүштөрдөн өйдө көтөрүлүп, эңкейиштерден ылдый түшүү өзүнчө эле керемет, айланада кооз көрүнүштөр ачылат, бирок рулда өзгөчө көңүл коюуну талап кылат жана машинеге да оордук келет. Айдоого бүт ынтаасын коё, Арсен Саманчин анын медиафорумдагы чыгып сүйлөгөнүн басма сөз бир жактуу, үстүртөдөн баяндама бергенине капа боло ойлонуп жатты: ар кандай конференцияларда анын талаш сөздөрү көп эле болгон, бирок мындай уюштурулган тукуруу биринчи ирет болсо керек. Бул дээрлик көрсөтмөлүү болуп жатат - ал, Арсен Саманчин ичинде сактап жүргөн жана дүйнөдө эч ким билбеген коркунучтуу нерсени артка жылдырып кетип баратат. Ал эми тиги айланасындагылардын баарын сансыз байлыгы менен басып жаткан, бирөөлөрдүн муң-зарынан пайда тапкан адам аны артынан сары изине сая түшүп, кууп жетет. Андай болгон соң, ал өзү да буйдалбайт, араб коноктор менен аңчылык бүткөндө, марага чыгуу керек...
Бул түбү жаман ойлордон арылуу кыйын эле. Ал төрт сааттан ашык жол жүрүп баратат, көз алдына улам тааныш, балачактан жакын жерлер тартыла баштады, туулган жери Туюк-Жарга чейин бир сааттай убакыт калды, эң чоң айыл, бир убакта бүт аймактагы эң чоң колхоздук чарба, Арсендин башынан баягы эле ойлор чыкпады. Түшүнүксүз, ал канчалык аралыкта алыстабасын чоң эле жана эрктүү кишиге мүнөздүү болбогон дээрлик бала кыял: - азыр жана ушул жерден Айдана менен көрүшүү жана сүйлөшүү мүмкүн болсо кана,- деген сезимтал каалоо анын артынан калбай ээрчиди. Туулган айылына чогуу баруу, рулда олтуруп, ага эмне үчүн жана кайда баратканын айтып берүү кандай сонун болоор эле... Чыгаарда мүмкүн эмес экенин билсе да, аны менен телефон чалып байланышууга аракет жасады, бирок ошол бойдон "Алло!" дегенин да уга албады. Жолго чыгаардын алдында ага эки ооз сөз да айта албады - анын бактылуу тагдыры, тагыраак айтканда, кыйын чыкма ишкерге баш ийген тагдыры буга жол бербеди... Ушул баш аламан ойлордун кучагында Айдана бул жерде жана аны менен сүйлөшүп жатат деп кыялдануу гана калды.
Ошондо ал ийинин тийиштире жанында олтургансыйт. Ал өтө баамчыл жана албетте сулуу, ал сулуу болууга милдеттүү, ар бир аял үчүн сулуу болуу - жашоонун эң маанилүү шарты, адам баласы ушундай жаралган. Жашырганда эмне, Айа чын эле табиятынан сулуу болчу - бою да, мүчөсү да, жүзү да, кара кирпиктеринин астынан дайыма жалжылдаган көздөрү да, далысына жеткен, бирде артка таралган, бирде таза жүзүн сахнанын көшөгөсү жапкан сымал каптап турган чачтары да. Үнүчү! Бул жерден Жаратканга кайрылып, анын үнүнө берген кооздугу жана күчү үчүн ыраазычылык айтуу керек. Ошондойбу, Айа? Ах, кечир бул жөнүндө айтпаш керек эле. Түшүнөм, түшүнөм, түйшөлөм, басынам, өзүмдү-өзүм жазалайм. Сен эпчилдердин колуна түшпөдүңбү. А мени, башы маң болгон келесоону, талаага таштадың. Бирок бул жөнүндө кийинчерээк. ..
- Токто! Сен кайда? - селт эте түштү Арс. Бирок ал жанында жок эле...
Айылда ушунчалык көп туугандары күтүп жатышат - бир тууган эжеси, темир уста-жездеси, таяке-жээндери, жана башка аталаш туугандары жана негизгиси - келишине саат-мүнөттөрдү санаган Бектур ага өзү, анткени убакыт тартыш, араб коноктор беш күндөн кийин, он жетинчи июлда, саат он жети нөл-нөлдө, Олуя-Ата аэропортуна өздөрүнүн жеке учагы менен келип конушат. Аэропорттук кызмат менен бардык суроолор интернет аркылуу макулдашылган, учуп келүү жана азырынча ачык мөөнөтү менен учуп кетүү боюнча бүтүндөй керектүү иш кагаздары - досье топтолду. Бардык ушул убакыт өткүчө учак учкучтар тобу менен аэропортто же Бектур Саманчин айткандай "аиропортто" болмокчу (алар, арабдар үчүн жеке учак, сенин "Ниваң" сыяктуу) кыскасы, бардыгы ишкердик-планга ылайык түзүлгөн. Ал болсо "Нивасында" же чын, же оюнда экени белгисиз кетип баратат... Бир убакта капыстан ал кайра жанында болуп калды...
- Кайда баратасың, Арс? - деп сурады андан.
- Ой, кечир, Айа. - Капыстан чыга калган машинеден буйтап, рулду бура сүйлөндү Арс. - Мен сага телефон чалып, байланыша албай койдум. Сен бүгүн - эсиңдеби? - хайдельбергдик эс алуу багындагы көйнөгүңдү кийип алыпсың, сага абдан жарашат.
- Мен аны сактап жүрөм, сен үчүн жасандым, Арс.
Ошол жерден ал үнүн өзгөртүп:
- Кайда барыш керек болсо ошол жакка баратабыз, бирок кел, олуттуу сүйлөшөлү. Бир айласын табуу керек, Айа, - деди.
- Кел, сүйлөшөлү кааласаң.
- Сен үчүн жагымсыз күтүлбөгөн окуя болбосун, бирок эсиңе ал: иш жаман аякташы мүмкүн. Сенин өмүрүңө тиешеси жок, ошентсе да...
- А эмне, эмне болду? Сенин өмүрүңө тиешеси барбы?
- Меникине гана эмес.
- Эмне болду, Арс?
- Түшүнөсүң, сен акылдуу, күчтүү, сулуу аялсың. Сага ажайып музыканын коштоосунда ырдоо үчүн ажайып үн берилген. Бирок Кудайдын үмүтүн сен актап жатасыңбы? Сенин эми башка кудайың, ишкер-кудайың бар эмеспи, анын аты Эрташ Курчал, Курчал-Бурчал - каргыш тийгир! Ал жөн гана өзүнчө семирген бай эмес, Эрташ Курчал - шоумендин кебин кийген шайтан. Ал кол алдында болбогондордун баарын жек көрөт. Дароо даамын татып, жытын сезди...
- Жолду карачы, Арс!
- Кам санаба, Айа, баары жайында болот.
- Ооба, бир кезде рулда чебермин деп мактанбадың беле.
- Мүмкүн ошондойдур. Бирок кулак салчы, мен аягына чейин айтайын. Мына анан ал жырткычтык жыт алуусу менен менин "Байлыкка жана бийликке умтулуу оорусу" деген макаламдын аталышынан эле ким жөнүндө айтаарымды сезген, а макала москвалык гезитке жарыяланган.
- Мен али окуй элекмин, Арс. Бирок анда эч кимдин аты аталбайт дешет го.
- Мен эч кимдин атын атайын деген эмесмин. Анын зарылчылыгы жок. Түшүнөсүңбү, сөз жалпы сөзсүз болуучу ой-максат - байлыкка жана бийликке умтулуу жөнүндө болот. Ошол эле учурда - бийликке түздөн-түз ээлик кылуубу же аны сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуубу - баары бир, экөө тең жарайт. Бийлик үчүн байлык, дем алуу үчүн аба сымал керек, ал эми байлык бийликти дагы эле дем алуу абаны талап кылган өңдүү талап кылат деп айткым келген. Жашоо-турмушта ушундай түзүлгөн. Байлык менен бийлик бири-бирисиз жашай алышпайт, ал эми байлык аркылуу мансапкорлукка өнөкөт тартылуу коркунучу максатка бардык жол менен эч нерсеге карабай жетүүнүн өзүндө. Бул жерде ар ким маңдайына жазылганды көрөт, кээ бирөө май-талкандын үстүндө, кээ бирөө каргышка калып көргө кирет. Тиги шумпай болсо, макалада анын шылуундугу ашкереленгенин жаземдебей дароо баамдады...
- Ой, Арс, сага дарс окутуп эле койсо. Сен андан көрө жолду карап, рулду бекем карма!
- Кабатырланба. Менимче сен жакында бийлик менен байлык - жатында эле биригип калган сиам эгиздери экенине көзүң жетет.
- Сен эмне, дагы социализм үчүнсүңбү? Биз анда болдук окшойт го?
- Кеп ал жөнүндө эмес.
- Анан эмне жөнүндө?
- Сен экөөбүз базар кудайларына чалынган курмандык болгонубуз жөнүндө. Сен бул тууралуу кандай ойдосуң?
- Өзүң билесиң! Мени мажбурлаба, Арсен...
- Эмне унчукпай калдың? Тынчсызданып жатасыңбы?
- Кулак салчы, машинени токтот! Же мен жүрүп баратканда эле секирип кетем. Жетишет! Мени жөн эле жерден чечим чыгарды деп ойлойсуң го? Сен баарын менден да жакшы түшүнөсүң. Маселе мындай: же мен поп-шоу-бизнес мейкиндигинде жылдыздар менен үзөңгүлөш ат чаап жүрөм, же романтизм жөнүндө кошок айтып, кайыр сурап жүрөм! Менин жүрөгүмдү эзбечи, билесиң го, кызым пенсия да алышпаган картаң ата-энемдин колунда. Чоочун кишилерге ишенип бергим келбейт, өзүмдүн убактым жок, менин азыр ишим оңунда. Мен билем, сен мен жөнүндө ойлойсуң, кайгырасың, билем сен Кайып колукту тууралуу азап тартасың. Бирок эгер сен жалгыз идеалист боло алсаң, а мен эмне кылам? Жок, сен экөөбүздүкү жок...
- Эмнебиз жок? Эмне жөнүндө айтып жатасың?
- Биз мындан ары көрүшпөйбүз, ошол жөнүндө.
- Эмне үчүн?
- Уксаң, мүмкүн мен сага уятсыз көрүнөөрмүн, бирок кетээрде айтайын. Сөз - бир, ал эми иш жүзүндө - башка. Мына сен дүйнө туура эмес жаралган деп өзүңчө кайгырасың, сен сыяктуу ыйлагандар аз эмес. Анын болсо - мен сыяктуулары аз эмес, ишкердик-гареми бар. Акча үчүн бардыгы кубана ага чуркашат, дагы качан керек болоор экем деп күтүшөт. Ооба, эстрадалардын жана лимузиндердин ээси сага жакпайт, аны көрө турган көзүң жок, андан эмне болуптур? Ал эч ким эмес болчу, эми баары болду! Өзүнүн ишкердигинин аркасында. Күч ал тарапта. Бүттү!
- Ооба, Айдана, бүттү! Сен туура айтасың. Кошумчалай турган эчтеке жок. Баары ошондой. Бирок менин багынышымды күтпөй эле койсун. Сен жакында бир нерсени көрөсүң, ошон үчүн кетип баратам. Сага эмне болду? Ойлонбо. Сен эмес, сени кирешесине каттаган базар заман күнөөлүү. Анын кудайы - акча. Ал кудай бардык жерде. Кабатыр болбо. Токто, кайда барасың? Токтой тур! Кайдасың? Кайдасың?
Бирок ал көздөн кайым болду. Арсен жадагалса тормозду басып, Айдана Самарова чын эле жүрүп бараткан машинеден секирип түшүп, көз ирмемде жоголуп кеткенсип, таңыркай артын каранды. Анан эсине келе өзүн чекеге алаканы менен катуу чаап, Арсен күлө башын чайкап, адаттагыдай, кыялкечтиги үчүн өзүн тилдей, өзүнүн күлүк кыялында болуп жаткандарга ишенип, ишенбей андан ары жол тартты. Ошентсе да, анын аң-сезиминде болуп өткөн жана өңүндөгүдөй бул маектешүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген экиге бөлүнүүнүн себеби, бактысыз, мас кылган сүйүү жана тумчуктурган жанга баткан кусалык эле. Ал эми жалгыз соороткон нерсе, анын элестүү көз алдына тартылган аң-сезиминде болуп жаткандын баары канчалык маанисиз жана күлкүлүү көрүнбөсүн, анын чын турмушта ойлогонун бир да жан билбегени. Эч ким... Ал эми билишкенде. .. Бирок азыр ал маанилүү эмес, айтылгандай, башка маселе. Тиги дүйнөдө душмандар да бири-биринин колдорун кысып, кучакташат дешет...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев