Ыйык Куръан жана сүннөттүн негизинде.
Түзгөн: Абу Умар
Которгон: Абу Абдуллах
СЫЙКЫР, ЖАМАН КӨЗ ЖАНА АЛАРДАН ЖЕТКЕН ЗЫЯНДАН САКТАНУУ
Ошону менен бирге төмөнкү шарттар аткарылышы керек:
Оорулунун өзү ички аракеттерди кылып, ыкластуулук менен Аллахка умтулуп, андан жүрөгү жана тили өз ара келишкендик абалында Аллахтан коргоо жана жардам сурашы керек.
1 – Таухидди катуу карманып(7), бул амалда Кудуреттүү жана Даанышман Аллахка карата ыкластуу болуш керек, Анын гана уруксаты менен бир нерсе зыян же пайда жеткире алат. Ага Алкыш болсун, анткени мунун баары Анын гана бийлиги астында жана гана көз каранды, ал эми жалгыз кудайлуулукка (таухид) келсек, бул Аллахтын улуу чеби, ким ага кирсе, ал коопсуздукта.
7 - «Жана Аллаhка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла» (ан-Ниса, 36); 16 «Сен (эч качан) Аллаhка дагы бир "кудайды" кошпогун!» (аль-Исра, 21). «Эми, билип туруп Аллаhка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!» ( Бакара, 22)
2 – Аллах буйруган баардык фарздарды аткаруу, баардык күнөө иштерден тыйылуу жана адам жасаган күнөө иштери үчүн тоба келтирүү.
3 – Аллахка гана үмүт артуу керек, анткени ким Аллахка үмүт артса, ал үчүн ошол жетиштүү.
4 – Аллахка кайрылуу зарыл, Ага карата ыкластуу болуп, Аллахка, Ага алкыштар болсун, жаккан нерселерге умтулуу керек.
5 – Өз күнөөлөрүнө тоба кылуу керек, анткени алар адамды анын душмандарынын бийлигине салып беришет.
6 – Колдон келишинчелик садака берип, адамдарга жакшылык кылуу керек, анткени бул ар кандай балээлерден, көз тийүүдөн жана көз арткандын зыяанына таң калыштуу түрдө сактайт.
7 – Ар бир иштин алдында «БисмиЛляхи» деп айтуу. 17
8 – Аллах, Ага мактоолор болсун, буйруган жана тыйган нерселерге карата Аллахтан коркуп, Аны ар дайым эстеп жүрүү керек.
9 – Музыка укпаш керек (харам).8
8 – Улук жана Даанышман Аллах айтты: «Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллаhтын Жолунан тосо турган маанисиз сөздөрдү сатып алат жана аны (Кураанды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!» (Лукман- 6).
Улук жана Даанышман Аллах, Иблиске Сот Күнүнө чейин убакыт берип жатып ага айтты: «Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал!» (Аль Исра, 64). Имам Муджахид айтты, «добушуң менен» деген сөздө ыр жана музыкалык аспаптар айтылган. Караңыз "Задуль-Масир" Ибн аль-Джаузи.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «Менин үммөтүмдө ушундай адамдар пайда болот, алар зынааны, (эркектерге) жибек кийимди, шарап жана музыкалык аспаптарды уруксат кылышат» аль-Бухари 5590.
9 - Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «Үйүңөрдү мүрзөгө айлантпагыла. Шайтан "Аль Бакара" сүрөөсү окулган үйдөн качат» (Муслим , 1/539).
10 - Ат-Тирмизи (3388), Абу Давуд (5088), Ибн Маджа (3869),
10-Ыйык Куръанды көп окуу жана угуу 9.
11- Сыйкырчынын амалдарынан өзүн Аллахка дуъа менен кайрылуу жолу менен коргоо, Анын коргоосун пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көрсөткөнүндөй Аллахты эстөө сөздөрү менен суроо.
Эртең менен жана кечинде «Би-сми-Лляhи-ллязи ля йадурру ма‘асми-hи шей-ун филь-арди ва ля фи-с-самаи ва hува-с-Сами‘у-ль-‘Алим» дуъасын үч кайталоо. «(Ушул күнүмдү же кечимди) Аллахтын ысымы менен баштайм. Аллах ушундай: Анын ысымы менен (жүрсөк бизге) жер-асмандагы эч нерсе зыян жеткире албайт! Аллах – Угуучу жана Билүүчү!»10 – 3 жолу эртең менен жана кечинде. 18
Эртең менен жана кечинде А'узу би-калимати Лляхи-т-таммати мин шарри ма халяк дуъасын үч кайталоо.
«Аллахтын толук сөздөрү менен Анын жараткан баардык макулуктардын жамандыгынан Өзүнөн коргоо тилеймин» 11.
11 - Муслим (2709)
Ошондой эле Курсий аятын ар бир намаздан кийин жана эртең менен жана кечинде окуш керек.
Аллаху ляя иляха илля хуваль хаййуль каййум . Ля та'хузуху синна-тун уа ля наум. Лляху ма фи самауати уа ма филь арди , ман заллязи йашфаъу 'индаху илля би изнихи . Й'аъляму ма байна айдихим уа ма халфахум уа ля йухитуна бишаим мин ъилмихи илля бима шаа'а . Уасиа курсийуху ссамауати уаль ард, уа ля йа'удуху хифзухума , уа хуваль 'али-йуль 'азым .
Аллаh... Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Өзү гана бар. (Ал) – түбөлүк Тирүү, (ар нерсени башкарып) Туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да кармабайт. Асмандардагы жана жердегинин баары Аныкы! Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча эч ким (эч кимге) шапаат-колдоочулук кыла албайт. Ал алардын (бардык макулуктардын) келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар (калк-калайыктар) болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билишпейт. Анын Курсийси асмандар жана Жерден да кенен. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Аны такыр чарчатпайт. Жана Ал – эң Жогорку жана эң Улук!
Эртең менен жана кечинде жана жатар алдында төмөнкү сүрөөлөрдү окуу:: Ихлас
Куль хуа Аллаху ахад Аллаху сомад лям ялид уа лям юулад уа лам якулляху куфуван ахад.
Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллаh жалгыз! Аллаh – Сомад (Беймуктаж). Ал туубаган жана да туулбаган! Жана эч ким Ага тең эмес! 19
Фальак
Куль аъузу бироббиль фальак минь шарри маа халак уа минь шарри гоосикин изаа уа коб уа минь шарри нафасати филь укоди уа минь шарри хасидин иза хасад
Айт (о, Мухаммад): «Таңдын Раббисинен коргоо тилеймин: (Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан.., Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан.., Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан.., Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.
Ннас. Куль аъузу бироббиннаас маликиннаас илахиннаас минь шарриль уас уасиль хоннаас альлязии ювасвису фи судуриннаас мин аль джиннати уаннаас. Айткын (о, Мухаммад) «Мен инсандардын Раббисинен; Инсандардын падышасынан. Инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин – (Анын ысымы айтылганда) жашынып калуучу шайтандын жамандыгынан. Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот. Ар бир багымдат намазынан кийин он жана бир күн ичинде «Ля иляhа илля Ллаhу вахдаhу ля шарикя ляh; ляhуль-мульку ва ляhуль-хамду ва hува ‗аля кулли шай-ин къадир» деп жүз жолу айтуу. «Жалгыз Аллахтын Өзүнөн башка кудай жок! Аллахтын шериги да жок! Баардык мүлк жана мактоолор Аллахка! Ал баардык нерсеге Кудуреттүү!»12 12 - Аль-Бухари (3293), Муслим (2691). 20 Эртең менен жана кечинде төмөнкү дуъаларды айтуу: Хасбия Ллаху ля иляха илля хува 'аляйхи таваккальту ва хува Раббу-лъ-' арши-лъ-' азыйм
Мага Аллах жетиштүү, Андан башка кудай жок, мен Аллахка гана үмүт артам жана Ал Улуу Арштын Кудайы!
«А‘узу би-кялимати Лляhи-т-таммати мин кулли шайтонин ва hамматин ва мин кулли ‗айнин ляммати»
«Аллахтын толук сөздөрү менен ар бир шайтандан, зыянкечтен жана жаман көздөн Анын Өзүнөн коргоо тилеймин»13.
13 - Аль-Бухари (3371), Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) оорулуу адамга келгенде же ага оорулууну алып келишкенде ушул сөздөрдү айтаар эле.
14 - Абу Давуд (3893), ат-Тирмизи (3528).
«А‘узу би-кялимати-Лляhи-т-таммати мин гъадабиhи ва ‗икъабиhи, ва шарри ‗ибадиhи, ва мин hамазати-ш-шайатыни ва ан йахдурун»
«Аллахтын толук сөздөрү менен Анын каарынан, Анын жазасынан, анын кулдарынын зыянынан, шайтандардын азгырыгынан жана алардын мага келишинен Анын Өзүнөн коргоо тилеймин»14.
12 – Балдарды корго:
«У‘изу-кума би-калимати Лляхи т-таммати мин кулли шайтанин ва хамматин ва мин кулли ‘айнин лямматин» «Ар бир жаман көздөн, ар бир коркунучтуу шайтандан жана ар түрдүү зыянкечтерден экөөңө Аллахтын толук ысымдары менен коргоо тилеймин!» 21 Аллахка ушул дуъа жана суранычтар менен кайрылуулар сыйкыр, жаман көздөрдөн, жин кирүүдөн жана баардык ооруларга каршы чаралар катары колдонулат жана чынында Аллахтын уруксаты менен пайда алып келишет.
13 – Сабр кылуу керек.
14 – Эгерде бул колдон келсе ар күнү эртең менен ачкарын жети даана курма жеш керек, анткени пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «Ким таңды ачкарын жети даана аджва сортундагы курма тоссо ал күнү ага уу дагы, сыйкыр дагы зыян жеткире албайт» Аль-Бухари (5445), Муслим (2047).
15 - Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: «Силердин ар бириңер тамак ичерде Аллахтын ысымын эскерип «Аллахтын ысымы менен!» «БисмиЛляхи!» деп айтып, оң колу менен жесин, эгерде ал аны тамак алдында айтышты унутуп койсо: «Аллахтын ысымы менен башында жана аягаында!» «БисмиЛляхи аууалихи ва ахырихи» деп айтсын».
16-Эстеп жатканда адам оозун колу менен жабыш керек, анткени шайтан адамдын ичине оозу аркылуу кирет.15
15 – Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айты: ―Силердин кимиңер намазда эстесе, анда колунан келишинче оозун колу менен жапсын, анткени оозу аркылуу ага шайтан кирип кетүүсү мүмкүн ‖ (Муслим).
17 – Жиндер дааратканада жана мочнолордо жашашат, ошондуктан биз жаман амалдардан алыс болушубуз керек. Даараткана же мончого кирип баратып «БисмиЛляхи, Аллохумма инний аъузу бика минал-хубси уаль хобаис» Аллахтын ысымы менен, О Аллах, жин-шайтандардын эркеги жана ургаачысынан Өзүң сакта 16.
16 – Дааратканага сол бут менен кирип, оң бут менен – Гуфроонака (О Аллах, мени кечир) деп айтып чыгыш керек.22
Ушул амалдарды так жана ар дайым аткаруунун себебинен сугун арткан, көзү жаман адамдан жана сыйкырчы-көзү ачыктан жетчү зыянды болтурбай, алдын ала алабыз.
Андан тышкары «Мусулмандын коргону» китебинде келтирилген эртең менен жана кечинде, намаздан кийин, уйку алдында, үйгө киргенде жана чыкканда, оорулуу адамды көргөндө айтылуучу ж.б. Аллахты эстөө сөздөрү – зикрлерди айтып жүрүүнү унутпашыбыз керек. Бул зикрлерди ар дайым айтып жүрүү Аллахтын уруксаты менен сыйкыр, жаман көз жана жиндерден келчү зыянды тосуучу жана ошол эле учурда кимге ошондой зыян жетсе, аларды айыктыруучу факторлордон экендиги күмөнсүз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1