Предыдущая публикация
“WhatsApp” мессенджеринин өкүлдөрү жакынкы аралыкта тиркеменин жаңыланарын маалымдашты.
Эске сала кетсек, жакында мессенджер баскычы бар телефондордо да пайда болду. Жыйынтыгында дүйнө боюнча, “WhatsApp” колдонуучуларынын саны бир жарым миллион жаңы аккаунтка көбөйдү.
Жаңылануу тууралуу сөз кыла турган болсок, “WhatsApp”тын өкүлдөрү мессенджер кара түскө алмашты деп жатышат.
Алардын сөзү боюнча, кара түс көздү оорутпайт. Ошондой эле, жаңы түстүн аркасында аккумуляторды үнөмдөөгө болот. Жакында бул түс “iOS” менен “Android”та жеткиликтүү боло баштайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1