Кезинде сулуулугу менен көптөгөн айылдаш жигиттердин жүрөгүн жаралап, бирок алардын эч кимисин карабай кеткен Бурмаш деген апчебиз бар.
Сулуу айымдардын жанына жөнөкөй жигиттер бара алчу эмес эле, апчебизге Кара Суунун кырааны сезимин билдирип, убагында жүрөгүн багындырыптыр. Оо андан бери Оштун Кара Суусу менен Таластын Көк Сайынан далай суулар аккандай. Ошентип, алар улуу-кичүүгө сылык мамиле жасаган, кичи пейил, маңдайы жарык Элзар деген жигиттин гүлүн тарбиялап, ага билим берип, таза абалуу Бишкектин жогору жагынан ак өргө тургузуп беришиптир.
Анан Элзардын турак-жайына терезе салуу озуйпасы Бектур Пластка жүктөлүп, бизге ишеним арткандарына ыраазы болуп олтурабыз. Эки кабаттуу жыгачтан салынган үйдөгү терезелер назарыңыздарда.
Заказ кылуу үчүн 0706 111 007 номерине кайрылыңыздар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев