Мындан бир канча жыл мурда азыркы "Кыргыз фильмдин" директору, Манас университетиндеги курсташыбыз Акжол Бекболотовдун @akzholbekbolotov Ачекей айылындагы ак өргөсүнө терезе салып берген элек.
Акжолдун "рекомендациясы" менен шаарыбыздагы 4-оорукананын Омурткалар бөлүмүнүн башчысы, мыкты дарыгер, жөнөкөй жана сылык мүнөзгө ээ болгон Марат Сабыралиев @maratsabyraliev агабыздын "немецкий" үйүнө "немецкий" терезелерди койгонбуз.
Быйыл "Алтын Ордо конушундагы үйүмдүн терезелерин өлчөп кеткиле!"- деп кардар кайрылганынан барсак, "силердин терезеңерди 4-ооруканадагы кесиптешим абдан мактады, башкаларга эмес, терезени Бектур Пластка гана койдургун! Ушундан улам, силерге токтолдук"- деди.
Ошентип, Воронцовкадагы санаторийде оорулуулардын шыпаасына себепчи болуп жүргөн Алмаз Койчубеков @ortopedbishkek деген ортопед агабыздын жаңы конушуна өзгөчө түстөгү терезелерди жасадык. Элит класстагы терезелерге Германияда жасалган Sigeniya маркасындагы фурнитура коюлду.
Мыкты терезенин бир кемчилиги, Алмаз акебиз бук болгондо комузун колго алып, мукам үн менен Нуржамал жеңебизге болгон сүйүүсүн ыр менен жаңыртса да кошуналарга угулбаганы. Угулса алардын да бир чери жазылмак беле? Терезенин артыкчылыгы, "мындай терезелер Анжелина Джолинин жана менин үйүмдө эле бар!"- деп Алмаз акебиз таластыктарча мактана берсе болот.😉😆🤝👍
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев