Күрөштөн Дастан, Арслан деген чемпиондорду, Толгонай деген мукам үндүү ырчы карындашыбызды тарбиялаган Болот Арзыкеев деген таластык бизнесмен агабыз бар. Ал айылындагы чакан туристтик комплексине терезе койдуруу үчүн «Бектур Пластты» тандап, ишеним артканы бизди кубандырды.
Терезелерди орнотуу үчүн Көк Сайга жол тартып, айыл кире беришинде тигилген теректер ийилип, кучак жайса, Султандын үйүнө жетпей кекилик учуп, маңдайыбызда ак кар, көк муз кетпеген Талас облусундагы эң бийик чокунун ээси болгон Манас тоосундагы чагылышкан күн нуру көздү уялтты. Айыл аралаарыбыз менен аппак мөңгүнүн салкын илеби уруп, табияты сырдуу, жолу таштуу сыяктанды. Ичимден "аттиң, сүрөтчү болсом табият кооздугун ушул жерден күнү-түнү кетпей тартаар элем"- деп коем. Сүрөт эмес, терезе орноткону келгенибизди эстеп, кар калың жааса, жылгайак тепкенге ыңгайлуу дөбөнүн үстүнө барып токтодук.
Терезе салынчу «Бектур Пласттын» терезелери эле жетишпей жаткансып, айлана да бир башкача кулпуруп, өзгөчө жымжырттык өкүм сүргөнсүп турду. Ч. Айтматовдун чыгармасындагы Күркүрөө суусу оргуштап акканынан улам, чымын угула турган жымжырттык бул жерде оңой менен боло бербейт тура. Ошентип, панорамалык формада жасалган немистердин 5 камералык терезелерин орнотуп, Султан Сулайман аталышындагы саймалар менен айнектери кооздолду. Келген коноктор терезени көргөндө көздөрү гана сүйүнбөстөн, ачып-жапкан сайын колдору да рахат алсын деп Roto маркасындагы күмүш түстүү титан туткалары коюлду. Эң башкысы, тамекинин чогу түшүп калса да так калтырбаган Кристаллит маркасындагы акрил кошулмасы менен жасалган жылмакай мрамор текчелери терезенин астынан орун алышты. Мындай терезе Көк Сай боюнча Болот ага менен Эржан Садыралиев деген инибизден башка эч кимде жок, Анжелина Жолини эсепке албаганда…
Терезе коюлуп бүткөн соң, женебиздин казы-карта, чучук менен жасалган күлчөтайын жеп, жолдон жолуктурган эркин күрөш боюнча айылдын машыктыруучусу, досум Эрнис Тургуналиев, меймандос, сөз баккан классташым Кубаныч Жоробековдун "үйдөн тамак ичип кет!"- дегенинен сылык түрдө баш тартып, түн жамынып Бишкегибизге жөнөп кеттик.
Айтмакчы, терезе салдыргысы келгендер 0706 111 007 телефонуна кайрыла берсеңиздер болот. Өзүбүз барып өлчөп, жеткирип, орнотуп беребиз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев