Кой Таш айылындагы тоонун бооруна Данияр Алымкулов деген классташтарынын атаманы пескоблоктон ак өргөө тургузуп, пластик терезенин эң мыктысын, подоконниктин мрамор сымалданган жылмакайын койдурган эле.
Ошондо, "пескоблоктон дубал тургузуу турак жай үчүн суук болуп калбайбы?"- деген күмөн санаган сурообузду бергенибизде, көп жылдардан бери темир сатып жүргөн жигит "башкысы жылуулук изоляциясы туура кылынса, эч кандай суук болбойт. Курулуштун мыйзамына ылайык, жылуулуктун 25% гана дубалдан, 20% крышадан, 15% полдон, 40% терезеден чыгып кетээри аныкталган.
Демек, үйдү жылуулоодо биринчи кезекте дубалга эмес, терезеге көңүл бурушубуз керек. Ушундан улам, мен терезенин мыктысын койдуруп жатам"- деп аргументтүү жооп кайтарган эле. Үйүнө кирип, кылычын кармап кыш киргенде жылуулугун сурасам, бир күндө бир эле челек көмүр жагам дейт. "Миң уккандан бир көргөн артык"- деп анын айтканына ишенбей эртең мененки саат 10до барып, кечки саат 6га чейин үйүндө конок болуп, сөзүнүн чындыгына өз көзүм менен күбө болдум.
Үйүнүн дубалын, полун, крышасын пенопласт менен жылуулап, термос кылып койгон экен, бираз жылыса кечке чейин муздабай тура берет экен. Андыктан, үй куруп жаткан мекендештер терезеден акчаңарды аябай, мыктысын койдурууга умтулгула.
Ал жагынан Бектур Пласт кызматыңыздарга даяр. Wats Up 0772 161576, 0706 11007.
#пластиковыеокнабишкек, #немецкиеокнабишкек, #бектурпласт, #сапатттуутерезелер
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2