Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын столунун үстүнөн түшпөгөн китеби болуп келгени талашсыз. Улам-улам окугандан тажабайбыз. Андагы эпизоддордун куралыш чеберчилигине, тилдик байлыгына суктанса болот. “Сынган кылыч” романы аркылуу Алымбек датка, Курманжан датка, Шерали хан, Нүзүп, Абил бий, Исхак, Бекназар баатыр ж.б. ого эле көп эл жакшылары тууралуу маалыматтарды алабыз.
Ошол мезгилде, ошол кан-төрөлөр, баатыр, бектер элди кантип сактаганы менен кактаганын, эл үчүн өлгөнүн же журтту бөлгөнүн, “Буудай же бидайлатып” канын соргонун, кимиси калыс, кимиси кой терисин жамынган карышкыр болгонун окуп билип жүрөбүз. Кийинки муун да, андан ары да окуп билишет. Анткени, калем менен жазганды балта менен өчүрүү мүмкүн эмес!
п.с. Эми, мындай ой келет: Ошол «Сынган кылыч» романында сүрөттөлгөн мезгилден бир топ жыл өтүп, заман башка, жашоо-шарт башка болгону менен эл жакшылары ошондогудай эле бийлик-мансабын, байлыгын сакташ үчүн не бир шумдуктарды кылышууда. Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөгөн сыяктуу, мезгил алмашса да саясат өзгөрбөй келатат го. Кыскасы, бир кезде кылыч сынса, азыр миллиондорду сындырышууда...
Бул ойду бышыктап, Самат Уранкайдын бул чыгармасын сунуштайм👇👇 https://youtu.be/NqY-pz7K2to
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев