— Эмне үчүн мен ушундай жашайм? Көп ооруйм, бактысыздык дайыма коштоп жүрөт. Мен кыйынчылыктарды өзүнө тартып турган магнит сыяктуумун…
Анда өмүр:
— Анткени сен ТААРЫНЫЧ менен жашайсың. Дүйнөгө кек сактап, өткөн нерселерди кечирбей, жек көрүү менен алексиң. А жашоодо КУБАНЫЧ үчүн жашаш керек: өзүң үчүн, айланаңдагылар үчүн, Кудай үчүн. Ошондо гана сен бактылуу болосуң.
Экинчи адам сурады:
— Тынбай кимдир бирөө же бир нерсе менен күрөшөм. Баары тескери болуп жатат…
Өмүр ага мындай жооп берди:
— Анткени сен КАРШЫ ЧЫГЫП жашайсың. Бардык нерсеге каршысың, бүт дүйнөгө каяша кылып, өспүрүм баладай эле чуу саласың. Ошондуктан сенин жашооң оор болуп жатат. А жашоону ЫРААЗЫ болуу менен жашаш керек. Ошондо гана сен чыныгы бакытты табасың.
Үчүнчү адам сурады:
— Башкалардын оюна көз карандымын, өзүмө ишенимим жок…
Өмүр:
— Сен жашоону элдин КЫЗГАНЫЧЫ үчүн жашайсың. Бирок башкалар сенден ШЫКТАНСЫН, ДЕМ-КҮЧ АЛСЫН деп жашаш керек. Ошондо гана сен чыныгы бакытка жетесиң.
Төртүнчү адам:
—Дайыма стресс жана чыңалуу абалында болом…
Өмүр жооп берди:
— Сен кимдир бирөөлөргө бир нерселерди ДАЛИЛДӨӨ ҮЧҮН жашап жатасың. Сенин жашооң бүт “далилдерден” турат. Бирок бул эч кимге керек эмес. Бирөөгө бир нерсени далилдөөнүн кажети жок. Сен убактыңды жана күчүңдү бекер кетирип жатасың. А жашоону өзүңдүн БАКТЫЛУУ болушуң үчүн жашаш керек.
Бешинчи адам сурады:
—Жашоом мага кубаныч алып келбейт…
Өмүр ага мындай жооп берди:
— Анткени сен жашоону ЭЛ КӨРСҮН үчүн жашайсың. Бирок сен өзүңдүн нукуралыгыңды жоготуп аласың. Жашоодо КАНДАЙ БОЛСОҢ, ОШОНДОЙ ЖАША. Ошондо гана бактылуу болосуң.
Алтынчы адам:
—Жашоом кызыксыз, бейкапар…
Өмүр ага мындай жооп берди:
— Анткени жашоо СЕНИ КЫЙГАП ӨТҮП ЖАТАТ. Сен жашоодогу окуялардан, учурлардан өзүңдү алып качып жатасың. Сен жашоого кызыгып, баш отуң менен кирип жаша. Анткени жашоо кызыгуунун артынан куралган. Ошондо сен чыныгы бакытты табасың.
Жетинчи адам сурады:
— Эмне үчүн мен ушундай жашайм? Эч нерсе мага кубаныч алып келбейт…
Өмүр ага мындай жооп берди:
— Анткени сен БАШКАНЫН ЖАШООСУН жашап жатасың. Ошондуктан сенин кубанычтарың дагы сага тиешелүү эмес. Өзүңдү тап, сезимдериңди, каалоолоруңду, максаттарыңды, кыялдарыңды, сүйүктүү китептериңди, ырларыңды, досторуңду. ӨЗ ЖАШООҢДУ ТАП! Ошондо гана сен бактылуу болосуң. Интернет булактарынан.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев