2 БОЛУМ
Тойчу эсине киргени эле Өмүрбектин балдарынан токмок жеп чоңойду, ага чейинкисин билбейт. Өмүрбектин аялы Чачыкей шакылдаган келин. Өмүрбек экөө үйлөнгөнү балалуу болушпады. Тойчуну багып алышкан. Андан кийин эки уулду болушту. Чачыкей эки баласына үйрүлүп түшүп, Тойчуну карап да койчу эмес. Балдарынын көзүн караганга алар аябай тентек болчу. Тойчунун ичип жаткан чайыбы, тамагыбы атайын төгүп коюп, экөө эки жагынан чукулап, кулагын чоюп, чачынан тартып ыйлатып койчу.
— Апа, карачы! — деп Тойчу жеңи менен жашын аарчый арыздана кетти.
— Акылың жок, ошо кичинекей немеден ыйлап калдыңбы? — деп Чачыкей балдарынын кылыгына кубана аны жонго чаап койду. — Бар ойнот, андан өлбөйсүң.
— Чачымды жулуп жатпайбы? — деп Тойчу анда ага өз энесиндей кежирлене кетти, кайдан билсин өзү жетим экенин. — Ойнотпойм, өздөрү ойной берсин!
— Ом э-эй өлүгүңдү көрөйүн чечек десе, сени ошолор үчүн багып отурам да, болбосо балакетимди алганы багып жатат дейсиңби, — деп Чачыкей кулагынан катуу чоюп түртүп жиберди.
— Аа-а! — деп чаңырып ийген балага жини келген Чачыкей колуна чыбык алып:
— Шүмшүк ий, кара башыңа көрүнгөн шүмшүк, тим эле ата-энең бүгүн өлгөндөй өкүрөсүң да! — деп чыбык менен шыйракка чаап-чаап жиберди.
Тойчу качып барып тамдын артына отуруп алып ыйлап жатты. Ал түшүнбөдү: «Эмнеге апам мени жаман көрөт, Эдил менен Эмилди урбай мени урат» деп солуктап жаткан, анан ошол жерде уктап калган экен. Ошондо Тойчу алты жашта болчу. Чачыкейдин чыбык көтөрүп долулана сүйлөп жатканын короого жаңы кирген Өмүрбек көрүп аны карай суроо салды:
— Эмне эле сүйлөнүп жатасың?
— Жанагы шүмшүк, балдар ойноп кулагынан кармап койсо ыйлап жатпайбы, тим эле ата-энеси жаңы өлгөнсүп.
— Чачыкей, эсиң менен бол, ошол бала колуңа тийгени балалуу болуп отурасың, кесир кылба, экинчи баланын кулагына ата-энең дегенди угузчу болсоң таарынба!
— Ошону алганда эле бала бере койду дейсиңби, кудайым эрте берет, кеч берет. Менин зарымды укту кудай. Негедир ушу баланын сүйкүмү жок, жаман көрүп кетчү болдум, — деп Чачыкей күйөөсүнүн сөзүнө кулак салбай казан аягын калдырата ишин жасап жатып сүйлөй берди. — Бирөөнүн баласын баккан болбойт экен.
— Эмне дейсиң, оозуңду жаап каласыңбы же бирди көргөнү турасыңбы?! — деп Өмүрбек ачуулана кыйкырганда Чачыкей тайсалдай түштү:
— Сага эмне болуп кетти?
— Атаңдын башы, кана Тойчу? Экинчи ошонун үнүн чыгарчу болсоң менден жакшылык күтпө! — деген Өмүрбек эки жакты карап, тамдын артында бүрүшүп уктап калган Тойчуну көрүп, көтөрүп келип жаткырып жатканда ал чоочуп ойгонуп кетти.
— Ата, ата, апам мени урду…, — деп Тойчу көзү жашылдана арызданып жатты.
— Шашпа уулум, апаңды көрсөтөм, сага көтөргөн колун сындырбасамбы? — деп Өмүрбек кирдеген кийимин көрүп, ичинен аялына жини келип, шымынын түрүлгөн жеринен кызара түшкөн чыбыктын тагын көрүп чоочуй өйдө көтөрсө көгөрүп кетиптир чыбык тийген жерлери. — Сен акмак турбайсыңбы эн-не-ңди урайын десе, жаш баланы ушунча урбасаң өлөсүңбү, ыя?
— Кичине эле домдоп койгом, эмне болуптур?
— Кичине домдогонуң ушулбу, этине туруп калыптыр, убал-сообу бар го?.
Ушул учурда Эдил менен Эмил эшиктен кирди.
— Ата-а, ата!
— Ата, биш ойноп келдик, укмуш ойнодук дейсиң, тух-тух-ту-ух деп мылтык атып ойнобудукпу! — деп Эдил эдиреңдей Өмүрбекке жабышты. — Тойчу жинди, ал жама-ан, биш менен ээч ойнобойт ал.
— Уулум, ал сенин акең болот, экинчи ага мындай сөздү айтпай жүр, уктуңбу? — деп Өмүрбек уулун чекесинен өөп Чачыкейди карады. — Сен жакшы аял болсоң жаш балдарды бири-бирине кайрабай ынтымактуу болгонго үйрөтпөйсүңбү?
— Мага эле асылып калдың да, мен эмне кылып жатам? — Чачыкей булкулдай кетти. — «Жатыны бөлөктү жамаса болбойт» дегенди билесиңби, өзү эле бөлүнө берет.
— Жаныңды жебе, ушул кантип бөлүнсүн? Оозуңду бекем кысып ашыңды жасап жүр!
— Болуптур атасы, болуптур эми, Тойчукеми экинчи урбайм, ээ балам? — деп Чачыкей заматта өзгөрүлө түшүп, Тойчунун маңдайынан өөп койду.
— Эдил менен Эмилди кандай көрсөң дал ошондой кара, кийиминин кирин мындан кийин көрбөйүн, — деп Өмүрбек ачуулана аялына карады. — Муну кордойм деп балдарыма зыяның тийсе сени ошол замат өлтүрүп салам! — деди эле, Чачыкей үн ката албай мелтиреп отуруп калды.
Ошондон кийин кээде гана тилдеп, урушуп калбаса, аны көзүнүн карегиндей карап калды. Өмүрбек кийим алабы, оюнчук алабы, үчөөнө бирдей алып берет. Эки баласынан да Тойчуну жакшы көрөт. Тойчу окууга бара турган болуп калганда өзүнчө эле майрам болду. Өмүрбек костюм-шым, ак көйнөк жаңы туфли алып келип кийгизип, сумканы артына асып койду да:
— Мына уулум, сен эми окуучу болосуң, жакшы окуп, апаң экөөбүздү кубант, ээ? — деп эки бетинен өөп, мектепке өзү алып барды.
— Ата, мен жакшы окуйм, — деп болбурады Тойчу.
— Садага, сен менин тун уулумсуң, инилериңди сен окутасың, ага чейин мектепте тартиптүү бол, уулум, — деп Өмүрбек мектепке жеткиче кобурашып кадимки чоң киши менен сүйлөшүп жаткандай кеңешип баратты.
Класска киргизип эң алдыңкы партага отургузуп өзү жанына отурду да, Өмүрбек мугалимге карады.
УЛАНДЫСЫ БАР...
КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7