Эгин айдап дыйкандар,жыйнап табат акчаны.
Налогчулар дыйканды,кыйнап табат акчаны.
Кайырчылар жалдырап ыйлап табса акчаны.
Амалкөйлөр чоңдорду,сыйлап табат акчаны.
Килер бандит адамды,атып табат акчаны.
Сойкуларың курусун,жатып табат акчаны.
Соодагериң товарын,сатып табса акчаны.
Уста байкуш ылайга,батып табат акчаны.
Гаи менттер жолдордо,туруп табат акчаны.
Бакшыларың азгырып,буруп табат акчаны.
Навайчылар камырын.журуп табса акчаны.
Кээ бир байкуш семичке кууруп табат акчаны.
Тамадалар тойлордо,сүйлөп табат акчаны.
Нике кыйып молдолор,үйлөп табат акчаны.
Куудулдарың күлдүрүп,күлүп табса акчаны.
Водительдер эл ташып жүрүп табат акчаны.
Мал базарда далдалчы,мактап табат акчаны.
Адвакатың жардамчы,актап табат акчаны.
Карманщиктер сумкаңды,кесип табат акчаны.
Депуттаттар уктап деле эзип табат акчаны.
Поварларың тамагын,кылып табат акчаны.
Байлар берип проценть кырып табат акчаны.
Чабандарың малдарын байлап табса акчаны.
Афиристер ар кимди,жайлап табат акчаны.
Түбөлүктү дүйнө жок,бүгүн бар да эртең жок.
Колдун кири акча бу,колдун кири акча бу.
Чылымов Б.Ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев