💕
2-болум
💝Аялдын кызганычы
💖Албетте, аял кызгануу сезиминен толугу менен бош боло албайт, анткени бул күйөөсүнө болгон көңүл коштукка алып келет, бирок ошол эле учурда кызганыч чектен ашып, шариятка туура келбеген иштерди жасап, Алланын каарына калуудан сактаныш керек. Пайгамбарыбыздын (САВ) аялдарынын ортосунда да кызгануу болгон, мисалга Аиша энебизди алсак болот, ал айткан: “Мен Алланын элчисин (САВ) мага үйлөнгөндөн үч жыл мурун каза болгонуна карабай Хадичага кызгангандай бир да аялына кызганбайт элем. Анткени Алланын элчиси дайыма Хадича жөнүндө айтып, жана аны эскерүү үчүн кой союп, садака кылып элге таратууну буйруйт эле. Мен Алланын элчисине: “Тим эле дүйнөдө Хадичадан башка адам жок болгонсуп!” айтаар элем. Бирок ал (САВ) мага: “Ал менин аялым болгон жана мага бала төрөп берген” дейт эле”.
(Бухарий).
💓Кызганчаак аялдарга кеңеш
💗Негизинен, жөнү жок кызганыч үй-бүлө очогун муздатып керек болсо өчүрүүгө да алып келет. Үй-бүлөдө кызганычтан уруш чыгып, жубайлардын бири-биринен көңүлдөрү калып калуудан алдын алуучу кармана турган кээ бир кеңештер бар. Алар:
- Жолдошуңду өзүңүздүн менчигиң кылып алба;
- Анын эркиндигин чектебе;
- Жолдошуң сизди сүйүп жана сүйүүсүн сизге билдиргенине ыраазы бол;
- Анын сөзүнө жана сезимине ишен, бул сиздин бактылуу болушуң үчүн жетиштүү.
Эгер күйөөң сени жакшы көрөөрүн айтып, кызганууга эч кандай себеп жок болсо, бирок, сен баары бир аны кызганып, уруш чыгара берген болсоң, анда сенин кылаарга ишиң жок, мындай учурда өзүңдү алаксытып бир иш менен алек бол. Акырет тууралуу ойлон. Акыретти канчалык деңгээлде каалайсыз жана канчалык деңгээлде акыретке даярсыз? Ойлон, сиздин бул жоругуңузга Аллах Таала ыраазы болобу же жокпу? Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыз САВ укканын айтат: “Чындыгында Аллах жакшы көргөн кызганыч бар жана Аллах жаман көргөн кызганыч бар. Аллах Таала мусулман адамдын шектенүүгө негиз болгон учурда кызганганын жакшы көрөт жана себепсиз кызганганын жаман көрөт”.
(Ибн Маажа).
Эч кандай негизсиз чыккан кызганычты хадисте “Аллах жаман көргөн кызганыч” деп айтылган.
Кызгануу сезими күмөн ойлорду жаратып жакын адамды жоготуп алуу коркунучун пайда кылат. Ошондой эле күйөөң сени жакшы көрбөй калышынан чоочулап, өзүңдү кемсинте баштайсың. Эгер сен ушундай сезимдерге курчалган болсоң анда өзүңдү, мүнөзүңдү, кылык-жоругуңду, сүйлөгөн сөздөрүңдү өзгөртүңүз, жолдошуңузга болгон берилүүңүздү жана баш ийүүнүздү көбүрөөк көрсөтүңүз. Ага көп көнүл буруп, муруңкудан жакшы кам көрө баштаңыз.
💕Жолдошуңузга болгон мамилеңиздин өзгөрүшү алгач жакшы жыйынтып бербеши мүмкүн, анткени ал сиздин бул кылыктарыңызды түшүнбөйт, анкени мурда ал сиздин мындай мамилеңизди көргөн эмес жана жакшы жакка өзгөрүшүңүздү күткөн да эмес. Бирок бул нерсе сизди оңтойсуз абалга салбашы керек жана сиз өзүңүздү таштап койбой андан ары өзүңүздүн жакшы жакка өзгөргөнүңүздү көрсөтө бериңиз, жакында сиздин өзгөрүүңүз жана ага болгон мамилеңиз ага жага баштайт. Сиздин аракетиңизди көргөн жолдошуңуз сизге ыраазы болот жана жакшы аракетиңиз текке кетпегендигин көрүп сиз да ыраазы болосуз.
💞Бактылуулуктун Жолу ИСЛАМ 💞
🍃 islamjolu.jimdo.com 🍀WhatsApp 89660468206
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев