Базарбай Мамбетовду жакындан таанып, өлкөнүн өнүгүсүндө бирге иштешип, анын кандай адам экенин жакшы билип калган адам катары айтарым, анын эмгектери тарыхта калып, эл оозунда айтылып жүрүүсү керек.
Мамбетов элдин мүдөсүн жон териси менен сезген, жетекчилик касиети күчтүү адам болгон.
Ал өзүнүн өмүрүн өлкөнүн куруучулук сферасына арнап, көзгө көрүнөрлүк көп эле иштерди жасады.
Бишкектеги Жеңиш аянтынын, Казармандагы алтын өндүрүү комбинатынын, азыркы Жогорку Кеңеш олтурган өкмөт үйүнүн, Ала Тоо аянтынын, Аламүдүн базарынын курулуш иштерин көзөмөлдөгөн (курировать эткен).
Мамбетовдой адамдардын өлүмүн биз кыргыздарда: "артында из калтырып кеткен инсан" деп коебуз.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Дагы бир ирет үй бүлөсүнө көңүл айтам.
Курманбек Бакиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев