Бул кыргыздын жазылбаган аң сезимдеги мыйзамдын бири. Мен жаңылышып айта албайм анткени бул эскичилик же унуттулган нерсе эмес. Бул биздин өзүбүздү танутуучу, бизди салттыбызды көрсөтчү биздин жашоо сабагыбыз.
Босогодо (улагада) турба.
Эшикти кулачтаба.
Босогону баспа.
Жер таянба.
Бөйрөк таянба.
Баш кийимди ылдый койбо.
Баш кийимди (кийилген) эч кимге бербе.
Улуулардын алдын кесе өтпө.
Жаманчылыкта тамак имербе.
Малды башка чаппа.
Малды теппе.
Аттын жалынына бутуңду койбо.
Бүлүнгөндөн бүлүн алба.
Айды карап даарат ушатпа.
Сууну булгаба.
Эркектин баш кийимин аял киши кийбейт.
Жаак таянып сүйлөбө.
Түндүктү аял киши көтөрбөйт.
Түндүк көтөрүлгөнчө аял киши тигилип жаткан үйдүн ичине кирбейт.
Камчыны төргө илбе.
Далыңды салба.
Сөөктүн аркасынан аялдар ээрчип баспайт.
Аялзаты чачын жайбайт.
Адамды аттаба.
Бешикти теппе.
Куру бешикти терметпе.
Кесир кылба.
Дасторконду тебелебе, аттаба.
Дасторкон алдынан киши өткөрбө.
Түндүктү жерге жаткызып таштаба, жөлөп кой.
Адамды тээп жатпа.
Кутту (Түндүктү) тээп жатпа.
Элбегей жабынба.
Булардын жана айттылбай калган ар биринин түшүндүрмөсү бар. Бул окуулардын баардыгын түшүндүргөн Мелис агайга ыракмат. Көдөнүндө жалын бар. Алыскы келечекти жарык менен караган агайга дагы бир ирет ыразычылык.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев