ЭЛИҢДИ СҮЙ, ЖЕРИҢДИ СҮЙ!
Кубатка толуунун жолу - өзүңдүн Мекениңди сүйүү. Мекенди сүйүү сага кубат, дем берет. Мекениңди коргойм деп, тазалыкты сактайм деп сен кубаттуу болосуң. Эл-жериңдин сулуулугун таанып, сулуулукка суктанган сайын сага кубат, дем берилет.
***
Ар дайым жердеген жериңерди, өз элиңерди сүйгүлө. Өскөн жериңердин топурагын ыйык туткула. Ар бир ичкен сууңарды сыйлап, ошол жерге тамырлап, ошол жердин кулуну болгула. Ошол жердин сыймыгы болгула. Ошол элдин жарыгы болгула.
***
Күн шооласы чыккан кезде жарыгы тегиз тийген жайлооңор болсун, жашоонун тереңдигин тааныган аклыман, көсөмүңөр болсун. Силердин алдыңарга түшүп жол көрсөткөн башчыңар болсун, башчынын кубаты Кудайдан болсун.
***
Акылман адамдарыңар көп болуп, көсөмдүк жүргүзгөн эрлериңер болсн. Кыйкырып келген жоо болбосун, ичиңерден бүлүк салган бузуку болбосун.
***
Белинде күчү бар, каруусу көк жалдын жаагын айрыган, акылы кылды жарган, көзү көрөгөч, көкүрөгү менен туйган эр-азаматтар тукумуңарда көп болсун.
***
Кыраакылык менен иш кылып, эл эмгегин жебеген билги башчылар көп болсун, көзү курч, акылы тунук иш билгилер көп болсун.
***
Сөздүн нускасы, сөздүн асылы силерге тирек болсун, жашооңорго чоң азык болсун. Жан дүйнөңөрдү сулууласын, тазартсын, тереңдетсин, кубат берсин.
***
Силер баскан жол көктөм болсун. Силер айткан сөз нурлуу болсун. Жасаган ишиңер алымдуу болсун.
***
Алдыңарда тоо болсо, аны тоскоол дебегиле. Алдыңарда зоо болсо, ага чыкпайм дебегиле. Тоодон кубат алгыла, тоодон сымбат алгыла. Зоонун күчүн, сулуулугун баамдагыла. Зоодой бекем болгула, зоо менен суктангыла.
***
Эгерде силердин жолуңарда жаман адамдар болсо, ага тең ишти жасабагыла, ага теңелип өзүңөрдүн оюңарды, жан дүйнөңөрдөгү сезимдериңерди ылдыйлатпагыла. Алардын жазасы Кудайдан, ошолорго теңелип өзүңөр бийиктиктен түшүп калбагыла.
***
Бийиктикке чыгам деген адам тоскоолду жеңе билет, жашоону тааный билет, ишти жасай билет, элди үндөй билет, жүктү көтөрө билет.
***
Өрнөктүү жашоо болсун, багыттуу иштер болсун, сыймыктуу үндөр болсун. Айгайлаган жоо болбосун, карайлаган күн болбосун. Атадан туяк калсын. Асылдан багыт калсын.
***
Акылды тутуп калган адам – жашоосун оңдогон адам, сапатка толчу адам. Акылды кабыл алган адам – адашуудан алыстаган адам. Акылды айткан адам – терең адам. Акылды баалаган адам – билимдүү адам.
***
Бактылуу, өмүрлүү жашоонун тереңин тааныган, аркасынан жаркын изди калтырган адамдардын урпагы болгон жаш муун улам-улам жерди көрктөнтүп, алардын баскан изи жашоонун көрктүү саймасына айланып, келечек урпактарын суктандырсын. Бири бүрү болсо, бири гүлү болуп, бири тамыр болуп, уламдан-улам жашоо улана берсин.
***
Элдин батасын алган адамдын арманы аз болот, элдин наалатын алган адамдын арманы топ болот. Элдин наалатын алган ишиңер болбосун, элге жакпаган ишиңер болбосун, элге жакпаган мүнөзүңөр болбосун.
***
Ар дайым бийиктик акылыңарда, бийиктик ишиңерде, бийиктик көкүрөгүңөрдө болсун. Силерди көрүп кубанган, силер менен сыймыктанган, силерди туу туткан, силерди тирөөч туткан адамдар көп болсун.
***
Сүйүүгө толгон жаштар көп болсун. Ата-энесин, көргөн-билгенин баалап, ыйыкты туткан, тууралыкта турган жаш муун дүркүрөп өсүп-өнүп, өзүнүн сапаты менен башкаларды суктандырган уул-кыздардан болсун.
***
Сүйүүгө толгон куттуу үйүңөр болсун, ар дайым казаныңарда толо аш болсун. Чакырган коногуңар дайыма жарык маанай менен, ак дили менен, туура сөзү менен, ак батасы менен келип конуп турсун.
***
Жашооңор жарык болсун, Мекениңер куттуу болсун. Теңчиликте, кеңчиликте, баалуулукта жашай алгыла, армансыз жандын бири болгула, акылды, билимди эңсегиле, ыраазы болуп жашаганды үйрөнгүлө!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев