Предыдущая публикация
Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө үч эм ымыркай төрөлдү. 15-мартта бир кыз жана эки эркек бала кесарево операциясы аркылуу төрөлдү. Ымыркайлардын салмагы - 2 кг 40 грамм, 2 кг 279 грамм жана 2 кг 940 грамм.
Балдардын энесинин абалы туруктуу экени, ымыркайларды эмизип жатканы кабарланды.
Андан мурдараак, 7-март күнү Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында да үч эм төрөлгөн. Ымыркайлардын бири кыз, экөө эркек балдар. Балдардын 37 жаштагы энеси - Айсана Султанова буга чейинки төрөтүндө эгиз балдарды төрөгөнүн, жаңы төрөлгөн үч эм менен кошо 7 балалуу болуп, "Баатыр энеликке" талапкер болгонун аталган оорукананын жетекчилиги билдирген.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1