Ноокаттын Гүлистан айыл аймагынын Бостон айылына сүйгөн кызына жолугушууга барган жигитти топ бала сабап, ооруканага түштү. Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя 30-март күнү саат 14:30 чамасында болгон. Кыз-жигит үйлөнүү максатында сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү жигит кыздын айылына барганда 10 чакты бала чогулуп: «Биздин айылдын кыздары менен эмне үчүн сүйлөшүп жатасың?», - деп суракка алышкан. Алар кыз-жигитти эки башка автоунаага салып, кыздын колу-бутун байлап салышкан. Ал эми жигитти ур-токмокко алып, ал ошол күнү ооруканага түштү.
Бул окуя видего тартылып, социалдык тармактарга тарагандан кийин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле сабалган бала милицияга арыз менен кайрылды.
Учурда жабырлануучуну сабаган балдар кармалып, бейбаштык боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза да дайындалган.
Адам болгулачы....Бактысына балта чаап жатасынар...Озунорду да ойлогула...Аллах таалам ар кимдин бакытын ар кайсы жерге насип кылган...Озунорду башка жактан корсоткулочу...Уят, уят, уят. Кыргыз озун озу сабап кор кылып жатат...
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 2 754