Суук түшкөндөн тарта колу-буту кичине эле муздап, үшүп калган көпчүлүк аялдардын табарсыгы ооруп, дааратканага чуркап калышат.Бул дарт жалаң эле аялдарда эмес, муздак жерге отуруп, табарсыгына суук тийгизип алган кичинекей кыздарда да кездешет. Цистит – бул аялдарда көбүрөөк кездешчү дарт. Инфекция жыныс органдары аркылуу заара жолуна кирип, табарсыкты сезгендирет. Табарсыктагы таш, шишик оорусу да циститке түрткү берет. Эгер өзүнөн-өзү табарсык толук, заара ушатканда сыздатып ооруп атса таң калбай эле койсоңуз болот. Себеби, мурунку күнү өтө ачуу тамак жесеңиз же анча мынча ичимдик ичип, үшүп калсаңыз кийинки күнү сөзсүз бул дарт жабышканын билиңиз. Цистит жаңы башталганда табарсык тез толуп, бир күндө 20-30 жолу заара ушатууга туура келет. Заара тамчылап эле чыгып, жанды кейитип сыздатып оорутат. Статистика боюнча дүйнө жүзүндө 34-40 миллион адам жыл сайын цистит менен ооруйт. Мындайча айтканда, ар бир төртүнчү аял табарсыгынын азабын тартса, 20-50 жаштагы ар бир 150-200чү эркек да простатит менен жабыркайт. Түрлөрү:Циститтин катуу кармаганы жана өнөкөт болуп айрымаланган түрү бар. Кээде табарсыктын айрым ички бөлүгү сезгенсе, кээде ал толугу менен сезгенип жабыркайт. Циститке алгач жыныстык былжыр чел кызарып, шишимик тартып, кан тамырлары көөп, кеңейет. Кээде заара менен ириң аралаш кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет. Катуу кармаган цистит 7-10 күндөн кийин басаңдап, ачышканы азайып, оорулуунун жалпы абалы оңоло баштайт. Цистит күз, кыш, жаз мезгилинде көп кармайт, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгенишинен улам өнөкөт дартка чалдыктырат. Өнөкөт циститте заараны кармай албай калган учурлар да болот. Кээде сасык тумоодон кийин да цистит оорусу козголо берет.
Кантип дарыласа болот? Өз убагында дарыгерге кайрылуу керек. Дарылоо оорунун себебине карата жүргүзүлөт. Циститте ар кандай дары берилет. Ошондой эле суюктукту көп ичпей, туздуу, өткүр, консервацияланган тамак жебеш керек, минералдык сууларды ичүү жакшы жардам берет, табарсык тушка жылыткыч басып, заарада кан болсо ысык ваннада 25-30 мүнөт отурса да болот. Ошондой эле Алоэ Веранын продукциялары жакшы таасир берет. Мисалы, гель алоэ, ягодный нектар, крем хит, желе алоэ, чай, ошондой эле антибиотик прополис, джин чиа ушуларды колдонуп, ичип корсо болот.
Сурап билуу учун томонку телефон номерге кайрылсаныздар, кенири маалымат, консультация аласыздар болот
Алоэ Вера Россия 79800952048
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев