Предыдущая публикация
“Мен учурда күн сайын кан какшап ыйлап, сай-сөөгү зыркырап, муң-зары түгөнбөй жүргөн энелердин биримин. Анткени, бир жылдан бери тун кызым Айжандан дайын жок.
Мындан үч жыл мурун Айжан сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыккан болчу. Экөө очор-бачар үйбүлөгө айланып, кыздуу болушкандан кийин чет өлкөдө иштеген кайнагасы келет. Ал “келиним түрк тилин билет экен, жумуш таап берем, иштеп, акча таап келсин” деп кызымды Түркияга алдап алпарган соң сулуулугунан пайдаланып сойкулукка сатып жибериптир. Көрбөгөн кордукту көрүп жүрүп кызым акыры бир түрккө турмушка чыгып, анын жардамы менен бизге кат жөнөткөн экен”,- деп Бүбүкан эне сөзүн андан ары улады…
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев