Предыдущая публикация
жанбиргемсиң кыялда
Жазыла элек
сага дайын чыгарма
Көркөмдүүрөк
сөз таба албай олтурам
Көңүлдөшүм өмүрлөшүм муңайба
Мендиксиң да мендик дагы эмессиң
Менден сени талаша албайт деги эч ким
Ал анткени жүрөгүмдөн түнөк таап
Ак сүйүүмө эгиз болуп тең өстүң
Түшүнө албайт мени сендей башкалар
Келбей калса сенден эгер кат кабар
Эч нерсеге көңүлүм жок сумсайып
Эт жүрөгүм кусалыктан запкы алар
Кызык мага кандай сенин кыялың
Андан кызык мүнөз тулкуң чырайың
Көп күттүрбөй зарыктырбай бачымдап
Көрүнүп кой кыялдагы жубайым
Көрүнүп кой көксөп күткөн жубайым
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4