Предыдущая публикация
Эли үчүн жанын чабаар жакшыдан
Тоноп Кыргыз, жерин кенин тойбогон,
Талашкандар , тарт колуңду тактыдан...
Сол тарабын бириң тартсаң жеңинен
Оң тарабын бириң тартып белинен
Ич күйдүлүк, көралбастык чеги жок
Эргулдар ээй ...озом дебе элиңден!
Мансап үчүн, намысыңды жебегин
Акыретте берээриң бар эсебин
30 жылда каалагандай кемирип
Азбы эмне ?- Кумтөр кенин жегениң...
Эчендеген жерди сатып тойдуңарбы?
Аздык кылып Арстанды сойдуңарбы?
Түшүнбөгөн түркөйлүккө кирип кеткен
Же чын эле - АША айтмакчы КОЙСУҢАРБЫ?
Шаку Москва 😡😡
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4
ИЙГИЛИК