Эмне болуп баратабыз ?
Армандуу күндү өзүбүз жаратабыз !
Аялды кордоп , кыйып, жаш өмүрүн
Акылдан тайып жүрөк канатабыз!
Арман ай! Эмне болуп баратабыз ?
Алладан тилеп бала жаратабыз!
Айбандан айрымабыз болгон менен
Анын да жарык күнүн карартабыз !
Билбедим ! Эмне болуп баратабыз !
Бир- бирин сын көз менен карашабыз
Бөлүнүп сен Түштүктөн мен Түндүк деп
Бир сөздү акыйлашып талашабыз !.
Түшүнбөйм! Эмне болуп баратабыз ?
Түйшөлткөн түрдүү тагдыр жаратабыз!
Түбөлүк өлбөөчүдөй байлык топтоп..
Тескери ушак айың таратабыз !
Таң калам ! Эмне болуп баратабыз ?
Теңсинбей , "Кедей" деп жер каратабыз!
Теңдикти акча менен баалап коюп.
Түйшүккө жүрөктөрдү канатабыз!
Заманга баарын төңкөп койгондойбуз!
Зөөкүрлүк пейилибизден оңдонбойбуз !
Өзгөгө акыл айтсак өзгөчөбүз...
Өзүбүз аны неге колдонбойбуз?
Шаку. Москва.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Тундугум менен сурдуумун